calis .
Бул боюнча азырынча эч кимде так маалымат жок, эч ким билбейт. Бирок КРнын соода ишканалары жана кызмат кɵрсɵтүү тармагы боюнча Ассоциациясынын тɵрагасы Сергей Пономарев чек аралардагы кырдаал 25-октябрга чейин уланышы ыктымалдыгы тууралуу бейрасмий маалымат бар экенин маалымат жыйынында ачыктады. Ал белгилеп ɵткɵндɵй, учурга карата чек арадагы кырдаал чечилбеген бойдон калууда.
Ал чек арадагы кырдаалдан улам адам ɵлүмү орун алганын айтты. «Казакстан тараптан бир адам кɵз жумду, билбейм, дагы канчага чейин күтүш керек? Авто унаалар менен жүктɵрдү ɵткɵрүү кыйын болууда, катуу текшерип жатышат. 10-октябрдан кийин Россияга транзит менен сапар алган авто унаалар андан ары ɵтɵ албай турушат. Айрым казак чиновниктери болсо аларды ɵткɵрбɵй турганын айтышууда. Эгерде техрегламенттер минтип аткарылбай жатса, анда эмнеге ЕАЭБ менен Бажы биримдигине интеграциялашып жатабыз?, — деген суроо салды Пономарев.
Мындан сырткары, Пономарев кырдаалды жɵнгɵ салып, оң жагына чечүү боюнча ɵкмɵткɵ кат менен кайрылганы жатканын маалымдады. Ал билдиргендей, КРнын бизнес коомчулугу Казакстандын «Ата-Мекен» экономикалык палатасына да кайрылуу жасап, анда ЕАЭБдин алкагында жарандар менен жүктɵрдү тоскоолдуктарсыз ɵткɵрүү талабын койгону турушат. Ошону менен катар маалымат жыйында чек арада түзүлгɵн абал шайлоонун экинчи айлампасы болсо, анда дагы чечилбеген бойдон кала берери боюнча так эмес маалыматтар бар экени айтылды.
Ал эми КРнын соода-ɵнɵр жай палатасынын вице-президенти Римма Апасова Казакстан минтип экономикалык блокада коюу менен жүктɵрдү жеткирүү боюнча бардык макулдашуулардын аткарылуусуна тоскоолдуктарды жаратып атканын белгиледи.
Тилекке каршы, аталган Ассоциация коңгуроо какпаган күндɵ да чек ара ɵткɵрмɵлɵрүндɵ түшүнүксүз жагдай жаралды. Казак бийлиги кырдаал боюнча так түшүндүрмɵ бербейт, же мындай кадамдын себебин ачык билдирбейт. Алгач шайлоого шылтап, текшерүү процедураларын күчɵтүшсɵ, эми дегеле ташылып бараткан жүктɵрдү ɵткɵрбɵгɵнгɵ ɵтүштү. Муну менен казак ɵкмɵтү эмнени кɵздɵɵдɵ? Ɵлкɵ башчынын таарынычынан улам катардагы жарандар, ишкерлер жабыр тартышы керекпи? Казакстан тараптын мындай демаршына укуктук баар берилеби? Же кошунабыз саясий маселелерден келип чыккан жагдайларга ушундай жол менен жооп бергенге ɵткɵнбү?