layout grunge para portfolio gratuito. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов үгүт маалындагы кыска аралыкта бир топ олуттуу кемчиликтерге жол берип, рейтинги кескин түрдө түшүп калды. Бул анын саясатчы катары бышып жетилбегенинен кабар берип жаткан жокпу?
— Туура, Бабанов өтө олуттуу кемчиликтерге жол берди. Ошол эле Он-Адырда эл менен жолугушуусун, сүйлөгөн сөзүн алалы. Биринчиден, Бабанов бардык жолугушууларында ак калпак менен эл астына чыгып, Он-Адырдагы өзбек тектүү шайлоочулар менен жолукканда калпагын чечип койду. Бул анын жасалмалуулугунан кабар берет. Экинчиден, “өзбек калкым” деп шайлоочуларга кайрылганы одоно ката. Кыргызстанда канча улут болбосун аларга кыргыз эли деп кайрылуу керектигин эске алган жок. Бабанов андан башка да кемчиликтерди кетирүүдө. Бабанов лидер катары калыптана электигин тастыктап, кыска аралыкта ушундай калпыстыктарга жол берип койду. Эгер ал кийинки президенттик шайлоого катышканда жеңип чыкмак. Ага чейин бир топ саясый да капитал топтомок.
— Бабанов акыркы кездери шайлоочулар менен жолукканда жалаң эле актанып, программасын да унутуп калгандай. Муну сиз кандай баалайсыз?
— Бабанов азыр 1-турдан эле жеңилерине толугу менен көзү жетти. Ошол үчүн да психологиялык жактан өзүн байкатып коюуда. Ага караганда мүмкүнчүлүгү бир топ аз талапкерлер деле ишенимдүү кадам шилтеп жаткандай. Бабановдо болсо өзүнө болгон ишенич калбай баратат.