Коомдук каналда көптөн күткөн дебат өтүп, ага президенттик шайлоодо негизги атаандаштар болгон Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов катышты. Сиз жалпы дебат боюнча кандай ойдо калдыңыз?
— Кээ бирлер Сооронбай Жээнбековду жумшак, башкалардын жетегинен чыкпаган талапкер катары сыпаттачу. Бирок, бул киши өтө чоң мүмкүнчүлүктөргөө ээ экенин, чечкиндүү жетекчи катары бышып жетилгенин тастыктады. Ал эми Бабанов сөзгө жыгам деп асылып, аягында өзү сөзгө сынып калды.
— diflucan over the counter cvs. Коррупцияга каршы күрөш боюнча эки талапкердин ортосунда тартыш болду. Жээнбеков менен Бабанов кимиси коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшө алат деп ойлойсуз?
— Коррупция менен таза адамдар гана күрөшө алат. Бабановдун чыныгы жүзү ушул дебатта да көрүндү. Жээнбеков адамгерчилик кылып ага теңелбеди. Эгер башка орой адам болгондо Бабановду ошол жерден абийирин айрандай төкмөк.
Жээнбеков “мен тазамын, коррупция менен мен күрөшөм” деп таамай айтты. Бабановдун буга чейин аргымакты пара катары алганы тастыкталган. Андан башка да бир топ сөздөр ээрчип жүрөт. Ошондуктан коррупция менен Жээнбеков гана чечкиндүү күрөшө алат.