Домой Саясат Аскат АЛАГУШЕВ, эксперт: “Административдик ресурсту иштетүү кыйын, азыр эң кооптуусу – добуш...

Аскат АЛАГУШЕВ, эксперт: “Административдик ресурсту иштетүү кыйын, азыр эң кооптуусу – добуш сатып алуу”

22

Без названия

Айрым президенттикке талапкерлер бийлик административдик ресурс колдонуу менен шайлоону бурмалаганы жатат деп айтыптап жатат. Азыркы эркин кыргыз коомунда кол астындагыларды мажбурлап кайсы бир талапкерге добуш бердирүү мүмкүнбү?

—          Шайлоо же добуш берүү купуя өтөт. Андыктан кимдин кимге добуш берүүсүн аныктоого мүмкүн эмес. Бирок, буга чейинки шайлоолордо акчага сатылгандар добушун ар кандай жолдор менен тастыктап тиешелүү суммаларын алып жатты. Буга өзүбүз күбө болдук. Ошондуктан административдик ресурстан добуш сатып алуу кооптуу боло баштады. Анткени, акчасын алган адам сөзсүз милдеттенмесин аткарат экен. Ал эми административдик ресурсту иштетүү кыйын болуп калды.

non prescription synthroid purchases. —          Айрым чиновниктердин бийликтин талапкерине үгүттөгөн чакырыктары жарыяланып кетип жатпайбы, ушундай нерсе жалпы жыйынтыкка таасирин тийгизеби?

—          Кыргызстанда ачык коом түзүлдү. Анча-мынча бийликке жагынуу үчүн кол астындагыларды кайсы бир талапкерге үгүттөгөн чиновниктер жазаланып жатат. Ошентсе да ар бир шайлоочунун эркин добуш берүүгө толугу менен мүмкүнчүлүгү бар. Анткени, шайлоого катышып жаткан адамды эч ким текшере албайт. Ошондуктан административдик ресурстан кооптонбой деле койсо болот.

—          Президенттик шайлоо жакындаган сайын талапкерлердин чыныгы жүз да ачылууда. Айрыкча, Өмүрбек Бабановду сындагандар, аны айыптагандар көп. Бирок, Бабанов бийлик тарабынан “кара пиар” болуп жатат деп кутулууда. Бул көрүнүшкө сиз кандай баа бересиз?

—          Бабанов жоопкерчиликтен кутулуунун оңой жолун таап алды. Ал коомулук астында бийлик тарабынан “кара пиар” уюштурулуп жатат деп кутулуп кетиши мүмкүн, бирок аны конкреттүү иштер менен айыптап, рейдерлик кадамдарын айтып чыккандардан качып кутула албайт. Анткени, мындай нерсеге Бабанов эмес укук коргоо органдары баа бериши керек.