Домой Саясат Бабанов Ходорковскийдин же Березовскийдин тагдырын кайталашы мүмкүн

Бабанов Ходорковскийдин же Березовскийдин тагдырын кайталашы мүмкүн

94

2015-03-26_18-01-01_568049

Саясий күрөштөргө, айрыкча мамлекеттин башчысынын кызматы үчүн жарыштарга катышпоо олигархиялык системанын негизги алтын жана милдеттүү эрежеси болуп саналат. Олигархтардын мамлекеттеги башкы кызмат орундары үчүн активдүү күрөшкө аралашуусу аларды болгон бизнесинен жана мыйзамсыз жолдор менен топтогон байлыктарынан куру жалак калтырып коюшу мүмкүн.

М.Ходорковский жеке бизнесин “МЕНАТЕП” деп аталган чакан банк менен баштаган, кийин күрөө аукционуна катышып “ЮКОС” мунай компаниясынын 78%ын сатып алган. 2000-жылы ал “ЮКОСтун” президенттигине шайланып, Россиядагы байлардын бирине айланган. 1991-2000-жылдары М.Ходорковский өкмөт чөйрөсүндө эмгектенип, РФнын отун жана энергетика министринин орун басары кызматына чейин жеткени белгилүү.

canadain meds. Б.Березовский 1989-жылы “ЛогоВАЗ” компаниясын негиздеген. 1992-жылы “Объединенный банктын” директорлор кеңешин жетектеп, анда соң ОРТ каналынын, “Сибнефти” АК жана “Аэрофлот” АКнын директорлор кеңештеринин мүчөсү болгон. Россиянын Өкмөтүндө жогорку кызматтарды аркалап, Коопсуздук Кеңеш катчысынын биринчи орун басарлыгына чейин жеткен.

Дал мына ушул М.Ходорковский менен Б.Березовский 2000-жылдын 26-мартындагы президенттик шайлоолордо өлкө башчысынын кызматына негизги талапкерлер болушкан. Аларды россиялык, европалык, америкалык олигархтар жана ал турсун айрым мамлекеттердин башчылары колдоого алышкан.

Алардын бири президент болуп шайланып калса,Россияны төрткө болүү: евроапалык жагын Европага ортоңку болүктү – АКШга, Ыраакы Чыгышты — Японияга, Кавказды – мусулман өлкөлөрүнө берүү пландалган.

Бирок, 180 түрлүү улуттар менен элдерден турган Россиянын калкы 53%дан ашык добуш берүү менен Б.Ельциндин жолун улантуучу В.Путинди тандашкан.

М.Ходорковский менен Б.Березовский президент В.Путинди тактыдан кулатууга катуу аракет жасашкан. Нааразылык акцияларын уюштуруп, массалык баш аламандыктар жана мамлекеттик төңкөрүш, мамлекет башчысын күч колдонуп жок кылуу жолдору менен Россияда бийликти басып алууну пландашкан.Ал аракеттер ички жана тышкы олигархтар тарабынан каржыланган.

Шылуундук жана өлкө бюджетине ири суммадагы салыктарды төлөбөгөндүгү үчүн шектелген М.Ходорковский 2003-жылдын 25-октябрында укук коргоо органдары тарабынан №1 “Матросская тишина” СИЗОсуна отургузулган. Андан кийин Москванын Мещан райондук жана шаардык соттору тарабынан РФнын Кылмыш кодексиинин алты беренесинин негизинде 8 жылга эркинен ажыратылып, олигарх эмес, Чита облусундагы түрмөлөрдүн биринде курулуш боюнча прорабга айланган.

2007-жылдын күзүндө Б.Березовский Москвада “Аэрофлот” АКнын иши боюнча сыртынан 6 жылга кесилди. 2009-жылы аны сыртынан “ЛогоВАЗ” АКнын 140 миллион рубль каражатын уурдагандыгы үчүн айыптуу деп табышты. Б.Березовскийди 13 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарылды.

Бирок, Б.Березовскийге аста секин чет өлкөгө- Лондонго чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк берилди. Анын бизнес боюнча шакирттери Р.Абрамович жана Б.Патаркацишвили менен чоң чырлары бар эле.

Олигарх Бадри Патаркацишвили да 2008-жылдын январь айында Грузиянын президентин шайлоого катышып, 7% добуш менен үчүнчү орунду ээлеген. Шайлоодон кийин 2008-жылдын 15-январында Тблисинин соту башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып Б.Патаркацишвилини эки айга камоого чечим чыгарган. 2008-жылдын 12-февралында Лондондо грузин олигархы Б.Патаркацишвили жүрөк оорусунан каза табат. Аны менен акыркы ирет жолугушкандардын бири россиялык олигарх Б.Березовский болгон. Бул эки олигархтын«ЛогоВаз» АК, «Объединенный Банк», ОРТ каналы, «Сибнефти» АК, «Аэрофлот» АК боюнча биргелешкен бизнестери бар эле.

Лондондун Жогорку сотунда Р.Абрамовичкеутулуп, көп миллиарддаган байлыгын Горбуновага ооз басырыкка бергенденкийинБ.Березовскийдин мыдыры калган жок. 2013-жылдын 23-мартында жеке жансакчысы Б.Березовскийдин жансыз денесинЛондондогу үйүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн тапкан.

Кыргызстандын президенттигине жергиликтүү олигарх шайланып калса,өлкөбүз кошуна мамлекеттер таасир этүүчү төрт бөлүккө бөлүнөт.

Кен байлыктардын бай запастары моралдык жана материалдык колдоолору үчүн казак жана россиялык олигархтарына тартууланат.

Бирок, 80ден ашык улуттар менен элдерден турган Кыргызстандын калкы туура тандоо жасап, олигархтын пайдасына добуш бербейт.

Эгерде олигарх Кыргызстандын президенти болуп шайланса, аны Россия, Казакстан, Израил, Бельгиянын миллиардерлери менен олуттуу териштирүүлөр күтүп турат.

Айрым олигархтар менен жолугушкандыгын КР президенттигине талапкер О.Бабанов өзү да тастыктады.

Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө өлкөбүздүн башкы кызматына талапкердин эсепсиз байлыгы жана эбегейсиз сандагы кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги ачыкка чыгып отурат.

Ал эми мамлекеттин башчысы кызматына талапкердин мыйзамсыз аракеттери кейиштүү натыйжаларга, ал турсун М.Ходорковский менен Б.Березовскийдин тагдырынын кайталанышына алып келиши мүмкүн.

Ал касабага кабылган эки олигархтын тагдыры кайталанбай эле койсун – бул болгону эскертүү жана сактанууга чакыруу.

 

Расул ҮМБѲТАЛИЕВ, коомдук ишмер