“Кызыл бандиттин” кылмыштары
Замирбек Оморов Кочкордо туулуп-өскөн. Көптүн бири катары Бишкекке келип, Свердлов районунун ички иштер бөлүмүндө бир нече жыл иштейт, старшина наамын алат. Бирок, ал ошол милиция катары иштеп жүргөн учурда эле кылгылыктын баарын кылып баштайт.
Ал 1995-жылдары милициядан куулуп кеткенден кийин, көз карашы, тилек- максаты төп келген өзүнө окшогон 3-4 акмакты чогултуп, өзү корбашы болуп алат да, каракчылык иштерди башташат. Бул топ Аламүдүн районундагы айылдардагы сырты жакшы көрүнгөн, заңгыраган үйлөргө түнү киришип, баалуу мүлктөрдүн баарын каракчылык кылып, талап-тоноону адатка айланышат. Арадан 4-5 ай өтпөй, из кубарлардын айынан кылтакка илинишет. Бирок, “кызыл бандит” Оморов ойт берип, ал жерден аман-эсен кутулуп кетет. Ал эми анын желдеттери Аламүдүн райондук соту тарабынан 3-5 жылга кесилип кетет. Замирбек муну менен эле токтоп калбайт, ал криминалдар менен да пикирлеш болуп, аларга милициянын иштери, кылмышкерлерди кармоодогу ыкмаларды айтып берип, тыгыз байланышта иштешип турат. Өзү өлөрчө жакшы көргөн каракчылык, талап-тономой ишти өзү издөөдө жүргөнүнө карабастан кайрадан улантып, өзүн жакшылап курал-жарак менен камсыздап, өзүнө окшогон каракчылардан 6 адамдан турган топ түзөт. Алардын ичинен Болгонбаев жана Боркоев аттуулар мурун милицияда иштегендер эле. Болгонбаев ИИМдин атайы ыкчам даярдыктагы бөлүмүндө кызмат кылган.
“Торугарттан” 32 соодагерди тоношуп…
1997-жылы июнь айында өзүнүн тобу менен төмөнкү Ала-Арчада чоң үйдө жашаган Курманбек Урмамбетов аттуу адамды бир нече күн аңдып жүрүп, түн киргенде анын үйүн так түбүндөгү кичинекей тамда акча төлөп жашаган аялга эшикти алдап ачтырып кирип барып, үй ээсин өлөрчө сабап: алтын, күмүш ж.б. баалуу буюмдардын баарын алып кетишет, жалпы чыгым 200 миң сомду чапчыган.
Бул каракчылык иштен кийин туура 10 күн өтүп, өтпөй Нарынга барышып, “Торугарт” чек ара бекетинен, дагы бир чоң кылмышты ишке ашырышат. Оморовдун бир желдети МАИнин кийимин кийип алып, ЛАЗ үлгүсүндөгү Кытайга бараткан машинедеги 32 соодагерди токтотот, аңгыча машинеге тыгылган Замирбек 4 желдети менен автобустун ичине куралчан кирип келишип, баарын коркутуп, колун көтөртүшөт да, автобусту тоону көздөй айдатышат. Тоо түбүнө жакындаганда токтотуп, 32 соодагердин жанындагы жалпысынан (буюмдарды кошкондо) 140 миң сомго жакын акчаны алышып, автобустун дөңгөлөктөрүн жарып, көздөн кайым болушат. Бул жабыр тарткан адамдардын көбү коркуп калгандыктан улам, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.
Айтмакчы, Кытайга каттаган кыргыз-кытай соодегерлерин тоноо боюнча кылмыш ишинин саны бул эле эмес, 7-8 жылдын ичинде 10го жетет. Мисалы, ошол эле 97-жылы Торугарт жолунда “Жигули” менен бараткан бир нече кытайлык ишкерлер каракчылардын тоноосуна туш болуп, 58 миң долларын алдыртышкан. Ал эми 1996-жылы Ат-Башыдан кытайлык ишкерлерге кол салышып, 60 миң долларын тартып алышкан. Бирок, бул кылмыштардын бардык автору Оморовдун “бандасы” деп айтуу кыйын, ошондой болсо да, бир нечеси аларга таандык.
Төрт милицияны төпөштөшүп…
Ошол эле жылы 21-августта Оморовдун тобу Бишкек-Кара-Балта жолунан акча “табууну” көздөп, өздөрүнүн машинесин айдабай, Алымкулов деген таанышынын эски “Москвичин” күч менен айдатышып, жөнөп калышат.
Полтавка айлына жеткенде, баягы каракчы “МАИ” чыга калып, жол тосот да, ВАЗ–2109 үлгүсүндөгү машинени токтотуп, анын ээси Фёдорду эстен танганча сабашып, “Москвичтин” багажнигине салып, анын машинесин кошо айдап алышып, Полтавканын борбордук көчөсү менен шаңдуу кетип бараткан кезде, капыстан 4 милиция кызматкери эки машинени тең токтотуп, текшерүүгө алышат. Шектүү шекинет болгон каракчылардын экөөсү милициялардын курал-жарагы жок экенин байкап, ал жерден “чарт” жарылып, аларга кол салып жиберет, мушташ кызып, башка-көзгө сокмой күчөгөнү менен, куралчан бандиттердин күчү басымдуулук кылат. Ошол учурдан пайдаланып, “Москвичтин” ээси Алымкулов багажниктеги Фёдордун колу-бутун чечип, качырып, анын артынан өзү да качып кетүүгө үлгүрөт. Аңгыча, каракчылар милицияларды курал менен коркутуп, баарын машинеге олтургузуп, аны от албаган абалга келтирип, эшиктерин ачылбас кылып бекитишет да, куйрук түйүшөт.
50 адам жабыр тартып, 700 миң уурдалган
Ошол эле 1997-жылы 16-декабрда Оморовдун “бандасы” Бишкектин Кантемиров көчөсүндө жашаган Канымбү аттуу аялдын үйүнө киришип, ал аялдын башына капрон колготки кийгизип, колу-бутун скотч менен таңат да, Канымбүгө:
— Үйүңдө чоң акча бар экенин биз билебиз, ал кайсыл жерде катылганын айтпасаң, эки кызыңды тең зордуктап салабыз, — деп катуу эскертүү берет, ансыз да тирүү каламбы же өлтүрүп салышабы деп эси чыккан аял акча катылган жерди айтат. Ошентип, ал үйдөн Оморовдор 184 миң сомду алышып, көздөн кайым болушат.
1998-жылдын 4-январында Бишкектик Юра аттуу бизнесмендин үйүнө кирип, аларды коркутуп, чала-була какыс-кукус кылып, 72 миң сомун тартып алышат. Бул айтылгандар дасыккан каракчылардын ишмердүүлүгүнүн эки-үч гана мисалы болду. Ошол учурда, тагыраагы 1 жылга жетпеген мезгилде Оморовдун “бандасынан” жабыр тарткандардын саны 50 адамга жеткен, ал эми алардын мамлекетке жана жарандарга келтирген чыгымы 670 миң сомду чапчыган. Албетте, мындан 18 жыл мурун бул акча абдан чоң акча болуп эсептелчү эле. 1998-жылы из кубарлар Оморовдун “бандасынан” 4 адамды кылтакка илишет. Баягы эле Замирбек колго түшпөйт, ал тескерисинче, кармалгандардын ордун башкалар менен толуктап көнүп калган мындай ишин ийгиликтүү ишке ашыра берет. Бирок, канчалык кыйын болуп кетсе да, элибиз “уруунун көчүгү кууш” деп айтат эмеспи. Анын сыңарындай, Замирбек Оморов чоң кылмыштарды кылып, элге, мамлекетке зыян келтирип, криминалдарга көмөктөшүп, алар менен уурдап тапканын айрым учурларда бөлүшүп жүргөнү менен, жыргап кеткен жери жок. Тескерисинче, Кыргызстандын ар кайсы районуна жер которуп, кийин Казакстанга кире качты. Ошону менен анын аты угулбай калды. Ал жасаган кылмыштардын бир тобу ачылса да, бир нечеси ушул күнгө чейин ачылбай кала берди.
Баса, “кызыл бандит” Замирбек Оморов менен Рыспек Акматбаевди айрымдар байланыштырып жүрүшөт. Оморовдун “бандасы” жасаган кылмыштарга Рыспектин тиешеси…
(Уландысы кийинки санда)
Айбек Шамшыкеев