Домой Дүйнөдө АКШда күйүүчү май тартыштыгынан улам бир нече штатка өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

АКШда күйүүчү май тартыштыгынан улам бир нече штатка өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

13
HAZLET TOWNSHIP, NJ - NOVEMBER 01: A girl holds jerry cans while waiting in line at a gas station on November 1, 2012 in Hazlet township, New Jersey. United States. Superstorm Sandy, which has left millions without power or water, continues to effect business and daily life throughout much of the eastern seaboard. (Photo by Andrew Burton/Getty Images)

АКШнын чыгышындагы бир нече штатка күйүүчү май тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал күйүүчү май тартыш болуп жаткан Флорида, Жоржия, Түндүк Каролина жана Виржиния штаттарына жарыяланган. Буга себеп Colonial Pipeline күйүүчү май сордуруучу түтүктөр тутумунун күтүүсүз өчүрүлүшү себеп болгон.

Учурда өлкө бийлиги жарандарына күйүүчү майды көп өлчөмдө албай турууну суранууда. Себеби бул абалды ого бетер курчутуп жиберет.

8-майда АКШдагы ири түтүк операторлорунун бири болгон Colonial Pipeline Company ишканасы хакердик чабуулга кабылып, күйүүчү май сордурууну токтотууга аргасыз болгон. Компаниянын маалыматы боюнча, ал өз тутуму аркылуу күнүнө 100 миллион литр күйүүчү май сордурат. Бул АКШнын чыгыш жээгинде керектелген бардык отундун 45 пайызын түзөт жана 50 миллион америкалыктарды күйүүчү май менен камсыз кылат.

super.kg