УКМКнын мурунуку төрагасы, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Баш мыйзамдын жаңы долбору тууралуу төмөндөгүдөй оюн билдирди:
—“Конституция жөнүндөгү” жаңы мыйзамдын долбоору коомдук талкууга алынып чыкты. Ийкемдүү парламент референдумду 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоолор менен чогуу бир күндө өткөрүүнү сунушташты. Кыргызстандыктарга сунушталып жаткан жаңы Конституциянын эмнеси туура эмес? Түп тамыры менен туура эмес! Өлкөнүн Башкы Мыйзамы даярдалышынан баштап, табиятына чейин мыйзамга каршы келет.
Эмне үчүн мыйзамсыз?
Долбоордун расмий демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Бирок, Конституцияны кайра жазып чыгуу аракеттери менен, алар конституциялык мыйзамдардын беренелерине өзүлөрү каршы чыгышты, башкача айтканда укуктук нормалар тебеленди. Парламенттин VI чакырылышынын депутаттарынын референдумду чакырууга укуктары жок, себеби парламенттин ыйгарым укуктары буга чейин аяктаган. Юристтердин айтымында «Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы бийликтеги вакумду толтуруу максатында иштеп турат. Андыктан мыйзамга ылайык бул чакырылыш, конституциялык референдумду өткөрүү сыяктуу фундаменталдуу чечимдерди жана өзгөчө чараларды колдонууга укуктары жок. Конституциялык реформаны мыйзамдуу жана легитимдүү жол менен ЖКнын VII чакырылышы гана өткөзө алат».
Жаңы Конституцияны ким жазды жана кыргызстандыктарды ким алдап жатат?
“Расмий демилгечилер” ким экен деген суроо бекеринен берилген жок. Жалпыга маалым болгондой, “жаңы жана өлкө үчүн жакшы Конституцияны” элге Садыр Жапаров убадалаган. Мыйзамдын долбоорун анын командасы жазды. Бирок, эң эле кызыктуусу Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө эч кандай укугу жок. Бул жерде Жогорку Кеңеш көшөгө катар колдонулду.
Мыйзам долбоору жабык эшик артында көз карандысыз эксперттердин катыштыгы жок, коомдук талкулоосуз жана альтернативасы жок эле жазылды.
Демек, азыр жарандарга бир кишинин жана анын жандоочуларынын “чыгармачылыгын” жаңы Башкы мыйзам катары талкулоого жана кабыл алууга сунушталды. Ушул эле учурда көз боемочулук аракеттери байкалат. Жаңы Конституциянынын долбоору элдин мүдөөсү катары сыпатталып, түшүндүрмө каты “элдин талаптарын эске алуу менен” деген сөздөр менен коштолгон. Бирок элдин пикирин эч ким сураган да, билгиси келген да жок. Элге “Сунушталганды аргасыз кабыл аласың” — деген мамиле жасалды.
Жаңы Конституциянын долбоору эмне жөнүндө?
Ток этээр жерин айтканда – президенттин колуна эбегейсиз бийликти өткөрүп берүү. Башкача айтканда, парламент менен мамлекет башчысынын ортосундагы тең салмактуулук тутуму жокко чыгарылып, Кыргызстанда авторитардык башкаруу системасы өкүм сүрөт. Мындан тышкары, президент Баш Мыйзамды каалашынча алмаштыруу укуктарына ээ болот. Учурдагы Конституцияга ылайык, аны өзгөртүү үчүн парламент, же 300 миңден кем эмес жаран демилге көтөрүүгө укуктуу. Жаңы долбоордо ылайык: “Конституцияга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш президенттин сунушу, депутаттардын көпчүлүгү же 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси менен кабыл алат” деп жазылган. Демек, жаңы Конституцияда белгиленген Президенттин укуктарынын эске алганда, президенттин бийлиги эч нерсе менен чектелбейт, жада калса өзү каалаган маалда Конституцияны өзгөртө берет.
Ушул тапта Кыргызстанда “конституциялык референдум” деген шылтоо менен авторитаризмди бекемдөө аракеттери көрүлүүдө.
Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бул албетте Курманбек Бакиевдин редакциясы, аны Бакиевдин маалындагы башкы юристи, ошол кездеги сот системасынын куратору Бектур Зулпиев даярдаган. Бүкүнкү күндө ал Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып белгилей кетчү жагдай, жаңы Конституцияга ылайык бир кишиге эки мөөнөт катар Президент болууга мүмкүнчүлүк берилет. Эскерте кетсек, дал ушул мүмкүнчүлүктү ишке ашырам деген ажолор өз элинин каргышына калгандыгына бардыгыбыз күбөбүз.