Кыргызстандык гимнаст Аина Маратова цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы эл аралык фестивалда алтын медаль утту. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Жибек Жолу» деп аталган балдар сынагы 15-17-апрелде Ташкент шаарында өткөн. Ага 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар катышкан.
Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай жана Казакстандан барган катышуучулар өнөрлөрүн мамлекеттик циркте көрсөтсө, Россия менен Украинанын артисттери коронавирус пандемиясынан улам номерлерин онлайн тартуулашкан.






