УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы МККнын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери эмгек келишимдеринин шарттарын тоскоолдуксуз узартуу шылтоосу менен аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен акча өндүрүү максатында коррупциялык схема уюштургандыгын аныктады.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 3-сентябрда кеңседе опузалап талап кылуу жана 2000 доллар өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун жардамчысы Ызабеков Руслан кармалган, Маалыматка караганда ал “Унаа” ишканасынын Бишкек бөлүмүнүн кызматкерин узак убакыт бою иштен алам деп коркутуп келген. Мындай кызыктар буга чейин да болуп келген. Негизи бул ишкананын барынан жогу жакшы деп эсептегендер көп.
Булак: Багыт гезити