— Турдубек мырза, КСДПнын сьездинде делегаттар тарабынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары аттанган Сооронбай Жээнбековго удаа дал ошол жыйындан өзүн-өзү аламанга ат коюуга ниетин билдирген спикер Чыныбай Турсунбековдун кадамы өлкөдөгү демократиянын чындап бар экенинен кабар бербейби?
— Албетте, Чыныбай Турсунбековдун дал ошол КСДПнын сьездинде партиялаштары бирдиктүү талапкерди колдоого алып жатканына карабай, аламан жарышка өз алдынча чыгууга даап жаткандыгы өлкөбүздөгү чыныгы демократиянын анык белгиси бизде экенин далилдеп жатпайбы. Негизи КСДП саясый кеңештеги мүчөлөрү менен миңдеген делегаттары бирдиктүү талапкер катары бир эле инсанды көрсөтүшкөнү туура болду деп ойлойм. Болгондо да өкмөт башчысы катары Сооронбай Жээнбеков жакшы иштеп, соңку бир жылда экономиканы кадимкидей жанданта көтөрүп, башкаларга салыштырмалуу анын ишинин көрсөткүчтөрү жакшы болуп жатат.
— Эми КСДП Ч.Турсунбеков боюнча кандай чечим кабыл алышы ыктымал?
— Чыныбай Турсунбековдун өз алдынча чыгышы биздин Башмыйзамыбызда жазылгандай ар кимдин өзүнүн Конституциялык укугу да. Ал жеке Чыныбай Турсунбековдун жеке иши, партиянын иши деп айтыш кыйын. Анын да өзүнүн граждандык укугу бар да. Ошонун негизинде талапкерлигин коюп жатса керек. Шайлоодо анын жетиштүү электораты барбы же жокпу, аны шайлоо убагында убагында көрөбүз да. Эми КСДПнын саясый кеңеши менен мүчөлөрү кандай чечим кабыл алышат болду экен? Эң негизгиси анын президенттик шайлоодо партия көрсөткөн талапкерди эмес, өз алдынча чыгышы Кыргызстандагы демократиялык процесстердин жакшы абалда экенин көрсөтөт.