Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына толуктоолор киргенден баштап Жайыт пайдалануучулар тарабынан көптөгөн түшүнбөгөн суроолор пайда болду. Жер-жерлерде келген суроолорго Жайыт, мал жана балык чарба, “Кыргыз жайыты” Жайыт пайдалануучулардын улуттук ассоциациясы жана Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү жоопторду даярдашты.
Түп районунда учурда Жайыт комитетинин бардык акча каражаттарын казынага салынып жатат. Макул, буга каршы деле эмеспиз. Бирок грант аркылуу келген долбоордун акча каражаттары эмне болот? Аны дагы казынага салса биз кантип иш алып барабыз?
Бюджеттик кодекс мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча органдардын бардык финансылык операцияларын казыналык эсеп аркылуу жүргүзөт. Тилекке каршы, азыркы учурда башка альтернатива жок. Мунун баары финансы каражаттарын түзүүнү жана чыгымдоону максаттуу багытта жүргүзүү үчүн аткарылат. Ал эми грант маселесине келгенде, Бюджеттик кодекс тарабынан гранттар үчүн КР Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын уруксаты менен коммерциалык банктардан эсеп ачуу белгиленген. (КР Бюджеттик кодексинин 2 п., 6 б., 105 бер.)
Кочкор районунун Соң-Көл жайлоосуна кеткен Калмак-Ашуу деген жол бар. Жылда бул жайлоого 6 айыл өкмөт жайлоого чыгабыз. Бул жолду ДЭУ-14 мекемеси тейлейт. Бирок, малчылар жайлоого кетээрде ДЭУ-14 ишканасына майга акча берип анан жолду ачтырышат. Эгерде бербесе жолду күзгө чейин деле ачпай коюшат. Негизинен бул жолду мыйзам боюнча кимиси тейлеш керек — ДЭУ-14 ишканасыбы же Жайыт комитетиби?
ДЭУ — 14 (Жолдорду тейлөө жана башкаруу) Кыргыз Республикасынын атайын мамлекеттик кызматы — жолдордун жана көчөлөрдун, алардын уюштуруу элементтерин, техникалык көзөмөлдөө жана колдоонуу (токтотуучу жерлер жана башка) транспорттун эркин өтүшүн камсыз кылууну ишке ашырат. Ушул максаттардарды ишке ашыруу үчүн ДЭУда техникалык каражаттар жана башка бардык зарыл болгон каржылыктар бар. Бирок ДЭУ- 14 бюджеттен каралган гана каражаттын чегинде иш аткарат. Андыктан ДЭУ-14түн башкармалыгына жолдорду камсыз кулуу тууралуу сунушту алдын ала жана жазуу түрүндө кайрылыңыз. (КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамынын 2-б., 8-бер). Эгерде ДЭУнун каражаты жетишпей турган болсо, жетишпеген каражатты аталган алты Жайыт комитети чогултуп бериши керек.
Ат-Башы районунда Бүгүнкү күндө жайыт комитеттери жайыт акысын чогултуу менен гана чектелип жатат. Жайыт акыларын жана мал башына чогултулган акча каражаты ар бир райондо ар кандай баа менен жүргүзүлүп жатат. Мыйзам чегинде бирдиктүү бир баа киргизип берсеңер жакшы болот эле.
can you buy lexapro 10 mg. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы катары мекеменин максаттары жана милдеттеринде белгиленген бардык иштерди алып барат. Жайыт комитети тарабынан аткарыла турган пландардын жана иш-аракеттердин тизмеси КР “Жайыт жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинде каралган.
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө тартиби жөнүндө жобо КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген. Бул жобо жайытка кирүүгө уруксат берилген малдын санына жана түрүнө жараша жайыт пайдалануу үчүн акы белгилөөдө бирдиктүү мамилелерди түзүүгө багытталган жана бардык Жергиликтүү өз алдынча органдары жана алар тарабынан түзүлгөн Жайыт пайдалануучулар бирикмелери бул жобону милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.
КР “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык төлөмдүн мал башына наркын аныктоо жайыт пайдалануучулар бирикмесине жүктөлгөн жана ал айылдык Кеңештин бекитүүсү менен күчүнө кирет. Ошол үчүн республикалык деңгээлде мал башына тарифтер бекитилбейт. Эскерте турган нерсе төлөмдүн мал башына наркын аныктоо жайыттарды жакшыртуу, инфраструктураларын (жол, көпүрө, каптаж) реконструкциялоо, ремонттоо, жайытты башкаруу иштерине кеткен чыгымдарды эске алуу менен түзүлгөн сметанын негизинде гана аныкталып анан бекитилиши керек. ▪
КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн коммуникация адиси Ирена Байтаневага же анын жардамчысы Анара Адылбек кызына кайрылыңыздар. Тел.: 62 36 59, 0770023659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg anara@apiu.elcat.kg