Домой Дүйнөдө Түбүң түшкүр түйүлдүккө кийлигишпегиле…

Түбүң түшкүр түйүлдүккө кийлигишпегиле…

57
A pro-life campaigner holds up a model of a 12-week-old embryo during a protest outside the Marie Stopes clinic in Belfast October 18, 2012. The first private clinic offering abortions opened in Northern Ireland on Thursday, making access to abortion much easier for women in both Northern Ireland and the Republic of Ireland. REUTERS/Cathal McNaughton (NORTHERN IRELAND - Tags: HEALTH SOCIETY RELIGION)

АКШ менен Британиянын медициналык академияларынын илимпоздору ымыркай түйүлдүк кезинде анын генине кийлигишүүгө азырынча эртелик кыларын жар салышты. Бул боюнча Эл аралык окумуштуулардын тобунун корутундусу  жарыяланды.

2018-жылы кытайлык илимпоз Хэ Цзянкуй адам эмбриондорунун генин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган эле. Мындай изилдөөнүн  жыйынтыгында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар төрөлгөн. Хэ Цзянкуй генди атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн, CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт деп билдирген. Окумуштуунун айтымында, анын максаты — тукум кууган ооруларды айыктыруу же алардын алдын алуу эмес, адам организминдеги илдеттерге туруштук бере ала турган жөндөм жаратуу болгон.

Бул окуя генетик окумуштуулардын арасында катуу талкууга түшүп, чуу жараткан эле. Көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып чыгышкандан кийин, окумуштуу Хе Цзянкуй үч жылга түрмөгө кесилген болчу.  Окумштуулардын бул жолку чоң жыйынында  түйүлдүктө маселе жаралса, маселен булчуңдардын дистрофиясы, бета-талассемия жана Тай-Сакса аттуу неврологиялык ооруларга кабылуу коркунучу туулса гана генине кийлигишүүгө жол берилерин баса  белгилешти. Ал эми адамдын боюн же салмагын өзгөртүп, анан сулуу төрөлүшү үчүн генге кийлигишүүгө азырынча болбойт деп тыянак чыгарышты.

Булак: Багыт гезити