Домой Саясат Трамп Россия менен жакындашкысы келгенин айтты

Трамп Россия менен жакындашкысы келгенин айтты

37

АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттердин активдүү колдонуучусу экенин бардыгыбыз эле билсек керек. Өз баракчасы аркылуу оюн кенен билдирип келет. Ал аталган баракчасына “Россия менен ынтымакташуу менин колуман келет, бул жакшыбы же жаманбы? Менимче, жакшы нерсе. Чынында башка мамлекеттер менен ынтымакта болуу жаман эмес, жакшы”, — деген пикирин жазды. Мындай пикирине орустардын да, америкалыктардын да башы маң болуп калды.

Белгилей кетсек, Трамп канчалык актанбасын америкалыктар анын Россия Федерациясы менен жең ичинен сүйлөшүп алган деген айыптоолорду коюп келишет.