Домой Саясат Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Бабановдун чыккынчы экенин далилдеди”

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Бабановдун чыккынчы экенин далилдеди”

778

1467873873_1439031772_topchuke (1)

price of viagra south africa. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак президенти менен казак олигархтарынан колдоо алганы аз келгенсип, чек араны жаптыруунун артында да турганы белгилүү болду. Муну Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты, Бабановдун көздөй кадры Фархад Иминовдун казак чиновниктеринин бири менен телефондук сүйлөшүүсү тастыктады.  Анын бул аракетине коомчулук кандай баа бериши керек?

—          Кечээ кечинде Коомдук каналдан Бабанов жанын жеп, “элдин алдында уяла турган иш кылган эмесмин” дейт. Бул түздөн-түз кылмышкер деп айтсак болот. Көк бөрү боюнча чемпиондукту казактарга оодарып берген. “Өзүнүн агасын агалай албай”, Нурсултан Назарбаевдин эшигин сагалады. Үчүнчү кылмышы – Он-Адырда сеператист Кадыржан Батыровдун сөзүн кайталады. Ал эми чек араны жаптыруунун артында да Бабанов турган болсо анык чыккынчылыгын далилдептир.

—          Өлкөгө массалык башаламандык салуу, төңкөрүш жасоо аракетинин артында да Бабановдун турганын кармалган адамдар тастыктап жатат. Мисалы депутат Канат Исаев менен байланышы бар Деңизбек Раимкулов башаламандыкка Бабанов каражат бөлгөнүн айтып берген. Эми муну кантип жазалаш керек?

—           Бабановдун эчак эле шиши толгон. Ошол шишин жарыш керек. Бул башаламандыктан артында эле турбастан добуштарды массалык түрдө сатып алууда. Ал четинен тастыкталып жатат. Бул баланы өтө катуу жазага тартпаса болбой калды.