Президенттикке талапкер Ɵмүрбек Бабановго байланышкан окуялар кɵ-ɵп нерсени ачыкка чыгарып, анын чыныгы жүзүн кɵрсɵтүүдɵ. Анын Казакстандагы олигархтар менен жакындан байланышы, Назарбаев тарабынан колдоого алынуусу кɵп нерсенин башын ачыктап, Бабанов казак бийлигинин долбоору экенинен башканы айттырбай жатат. Эгерде анын бийликке келип, Казакстандын кызыкчылыгы үчүн «кызмат» кылчу долбоор экени чын болсо, демек, бул долбоорду ишке ашыруу шайлоо алдында гана башталган жери жок. Бабановдун Казакстандын Тараз шаарындагы бизнесинин шыр жүрүшү, жапжаш экенине карабай нефти компанияларын жетектɵɵсү, ал жактагы мамлекеттик органдар менен жакын ымаласы, андан кийин Кыргызстанга келип, казак бизнесинин ɵкүлү кызматын аркалоосу ж.б. ɵткɵн жолу жогорудагыдай ойлорду тастыктайт. Адатта бир ɵлкɵнүн экинчи ɵлкɵдɵгү тыңчысы бизнесмен катары иш алып барып, ɵзүнүн жашыруун миссиясын аткарат. Бул ɵңүттɵн алганда, Бабанов тээ башынан эле Казакстандын пайдасына тыңчылык келаткан адам эмеспи? Казак бийлиги кɵп жылдардан бери Кыргызстандын жашыруун мамлекеттик сырларына Бабанов аркылуу ээ болуп келаткан жокпу? Ушул «миссияны» татыктуу аткарып, ишенимге киргени үчүн Назарбаев башында турган казак бийлиги аны президенттикке колдоп, сүрɵɵнгɵ алып жаткан жокпу?
Мындай суроолор жайдак жерден берилген жок. Буга окшогон ойлорду тастыктаган пикирлер интернет айдыңында жазылууда. Тагыраагы, Казакстандагы мурдагы үлкɵн чиновник, ири ишкер, Казакстандагы белгилүү фигура Мухтар Аблязов ɵзүнүн «Фейсбук» баракчасына учурда Россияда жашап жүргɵн Амзеев дегендин жазганын жарыялады. Амзеев болсо түбү Актɵбɵлүк казак, убагында Назарбаевдин президенттик администрация жетекчиси Аслан Мусиндин ишенимдүү адамы болгон. Ошондой эле Казакстандын мурдагы ɵкмɵт башчысы, учурдагы башкы чекист Карим Масимов менен тыгыз байланышта болуп жүргɵн. Ал ɵз жазганында Бабанов бул шайлоодо эле эмес, 2010-жылдагы шайлоодо да Назарбаевден колдоо издегенин жазган. Мухтар Аблязов ошону менен бирге Бабановдун колдоо суроосу боюнча Амзеев менен жазышкан каттарынын түп нускаларын да жарыялады.
Амзеев ɵзүнүн жазганында Бабанов колдоо үчүн Назарбаевге эмнелерди убадалашы мүмкүн, анын аракети кыргыз элинин кызыкчылыктарына тɵп келеби деген суроолорду коюп, ага ɵз жообун берет. Анын пикиринде, Назарбаев Бабановду бийликке алып келүү менен Кыргызстандагы демократиялык коомду жок кылып, авторитардык системаны орноткусу келет. Анткени, Кыргызстандагы демократиялык режим Назарбаевге башынан жакпай келет. «Назарбаев Кыргызстандын башында ɵзүнүн кɵзүн караган Президент болушун каалайт. Кыргызстан да Казакстандай коррупциялашкан, кылмыштуу ɵлкɵ болсо дейт. Эгерде Бабанов бийликке келип калса, анда кыргыз эли демократияны унутууга аргасыз болушат. Казакстандын чек араларды жапканы да жɵн жерден эмес. Элбашына кɵз каранды Кыргызстан керек болууда», — деп жазат М.Аблязов.
Амзеевдин бул жазгандарына маани бербей коюуга болбойт. Катардагы казак жараны эмес, кезинде Ак-Ордодо иштеген адам. Эгерде Бабанов чын эле жогоруда ойлогондой Казакстанга тыңчылык кылып келаткан болсо, анда кыргыз эли ɵз элине, мекенине чыккынчылык кылган адамга ɵз добуштарын бергени турушабы? Дегеле ɵз элин уруп ойнобогон, шайлоолордо башка ɵлкɵдɵн колдоо, сүрɵɵ издеген адам ɵлкɵ башына келсе кандай болот? Ал ɵз элинин Президенти болобу, же башка ɵлкɵнүн вассалынын башчысына айланабы?