Домой Коом ТИМ АКШнын Кыргызстандагы элчисине өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

ТИМ АКШнын Кыргызстандагы элчисине өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

19

Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луга өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта, АКШ элчисинин жакында жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялаган билдирүүсүндө элчи өлкөнүн ички иштерине жана тергөө амалдарына кийлигишүү боюнча элементтер бар экени айтылган.

«Өзгөрүлбөй турган эл аралык мамилелердин принциптери улуттук мыйзамдар сыяктуу кандай гана туура максаттарды көздөбөсүн эч качан бузулбашы керек«, — деп жазылат билдирүүдө.