«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «миң бир түнүн» кайталап айтуудан тажабай жүрүп, өзү да ошол «чыгарманын» башкы каарманына айланып калган соң, АКШны көздөй сызып, калем кармаган колуна кетмен-күрөк кармап, курулуш тармагында «подсобный рабочий» болуп иштеп жүргөн Адилет Айтикеевге караштуу ушакчы сайт бар. Ошол сайт «Кандуу жүк жана Кипрдеги Атамбаевдин бизнеси» деген темада адаттагыдай ушакка сугарылган макаласын жарыя кылыптыр.
Ал макалада «Манас» аэропортуна жакын «Дача СУ» айылына кулаган учактагы жүктү Кыргызстанда калмак деп, анын эсебинен кимдир-бирөөлөр миллиондогон доллар пайда таап келишкен дегендей маанайды кайталайт. Албетте, мындай пикирди Текебаев айтып жүргөнүн эске алганда тапшырма ким тараптан берилгенин оңой эле баамдасак болот. Бирок, бул карандай калп маалымат экендиги буга чейин эле тастыкталган.
Тактап айтсак, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушул кырсыктан саясат жасап, андагы жүктөр коррупциялык жолдор менен Бишкекке түшмөк деген маалыматты парламенттин трибунасынан айтып, оозунан ак көбүгүн агыткандан көп өтпөй эле, кырсыкка учураган учакка ээлик кылган Түркиялык “My cargо” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Хамза Тыглай конкреттүү маалымат берген. Тактап айтсак, ал учактагы бир килограмм жүк дагы Бишкекте калмак эмес экендигин айткан. “Гонконгдон Бишкекке учкан жүк Стамбулду көздөй бара жаткан. Анын учуу максаты, бара турган жери Стамбул болчу. Биз Бишкектен бир гана күйүүчү майды жана экипажды алмаштыруу, жаңылоо үчүн конобуз. Гонконгдон Стамбулга деле түз учуубуз мүмкүн, бирок оор жүк менен сөзсүз май куйдуруп, ошол эле учурда экипажды алмаштырыш керек. Бишкекте конуунун негизги, башкы максаты Бишкекте жүк түшүрүү эмес, май куюуу жана персоналды алмаштыруу. Жүктүн багыты, түпкү максаты Бишкек эмес – Стамбул”, — деген ал.
Демек, учактын ээсине ишенебизби же кырсыктан саясат жасап аткан Текебаев жана анын куралына айланган маалымат булактарына ишенебизби? Анан дагы ушул эле макалада Текебаев Кипрге барып, Атамбаевдин байлыктары тууралуу документ таап келди деп жазат. Муну Текебаев өзү да айткан. Бирок, колунда эч кандай документи жок болгондуктан, «жакында чыгарам» деп элдин башын айлантууда. Экинчиден, Текебаев Кипрге барып Курманбек Бакиев менен жолугуп келгенин түркиялык басылмалар жазууда. Андыктан Текебаевдин куралына айланган жазмакерлер калпты кичине окшоштурганды үйрөнүп алышса болчудай.