Экономика тармагын тейлеген вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин окуясы азыркы учурда саясаттын курмандыгы болуп калуу заматта экенин даана кɵрсɵттү. Ɵзүнүн пикирин билдире коём деп, президенттик жарыштын катышуучуларына ɵзү байкабай жем таштап алды. Ал катачылыгы үчүн шайлоо боюнча Республикалык штабдын башчылыгынан бошотулду.
Муну айтуу менен Дүйшөнбек Зилалиевди күнɵɵсү жок деп актагыбыз келбейт. Бирок аны вице-премьерликтен кетирүү туура эмес болот. Саясаттан алыс жүрүп, ɵз милдетин так, жоопкерчилик менен аткарып жүргɵн адамдын күтпɵгɵн жерден саясаттын курмандыгы болуп калганы үчүн эле аны аткаруу бийлигинен четтетүү туура эмес. Себеби, Дүйшɵнбек Зилалиев буга чейин ɵзүн заман талабына жооп берген менеджер жетекчи, иш билги адис катары кɵрсɵттү. Жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси катары мыкты иштеди десек болот. Анын тушунда агенттиктин иши кескин жакшырды, көрсөткүчтөр, натыйжалар жогорулап, коррупциялык схемалар жоюлуп, жер кендерин иштетүүдө ачык-айкындуулук орун алып, айтор, бардык жагынан тартипке, мыйзамдык нукка салынды, бул тармактан бюджетке түшчү кирешенин өлчөмү эселеп өстү. Ага чейинки жетекчилер коррупциялык ызы-чууларга аралашып келишкен болсо, Зилалиев коррупциялык иштерге кириптер болгон да, жаман сɵздɵрдү артынан ээрчиткен да жок. Бул анын таза, ак иштегенинен кабар берет.
Зилалиевге чейин агенттик ар кандай коррупциялык, мандемдүү кɵрүнүштɵрдɵн арылбай, тоо кен тармагы сазга баткан абалда эмес беле. Ал келгенден кийин кендерге лицензиялар ачык аукцион, конкурстарда сатылып, жең ичинен кендерди берүү кɵрүнүштɵрү биротоло токтоду. Тамактагы башаламандыкка чек коюлду. 2013-жылдан 2017-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен конкурс жана аукциондордон 130 511 (8 млн. 156 999 сом) доллар киреше түшкөн. Тоо кен тармагынан түшкөн бонусттардын өлчөмү 2013-2016-жылдары 3 млрд. 317 млн. 765 миң сомду түзсө, роялтинин өлчөмү 1 млрд. 619 млн. 526 миң сомду түздү. Ал эми лицензияны кармагандардан (ПУЛ) түшкөн киреше 896 млн. 587 миң сомдун башын чапчыды. Салыктын бул түрүн киргизүүдө Зилалиевдин эмгеги чоң болгонун белгилей кетели. Мыйзам долбоору ЖК тарабынан кабыл алынгандан кийин лицензияны алып, бирок кенди иштетпей тургандардан “лицензияны кармап тургандыгы” үчүн салыгы алына баштады.
Минтип Зилалиевдин тоо кен тармагын тартипке, жɵнгɵ салуудагы натыйжалуу иштери тууралуу кɵп сɵз кылса болот. Жогоруда азыноолак сандык кɵрсɵткүчтɵрдү гана келтирип кеттик. Анан ушундай эле жакшы иштерди вице-премьер-министр катары да жасаса болбойбу? Ɵлкɵбүз иш билги, кесипкɵй адистерге, кадрларга муктаж болуп турганда, айрым бир айгай салгандардын айгактарына алдырып элеага жазаны күчɵтүү, аткаруу бийлигинен четтетүү туура эмес болот го…
Андан кɵрɵ анын иштеп, вице-премьер катары да натыйжа жаратуусуна мүмкүнчүлүк берилсин.