Домой Ден-соолук Оксолин майы чакалайды, сөөлдү жана псориазды айыктырат

Оксолин майы чакалайды, сөөлдү жана псориазды айыктырат

2568

Оксолин майын мурунга сүртүп, вируска каршы колдонуп келебиз. Бирок, анын андан да башкага жардам берээрин көптөр биле бербесе керек. Аны негизи сасык тумоону алдын-алууга жана аны айыктырууда кеӊири пайдаланышат. Курч респираторлдук ооруларда жана ветрянкада колдонсо болот. Аталган май дермотологияда колдонулуп келет. Чакалай, сөөл, учук жана псориазда сүйкөсө жакшы жардам берет.
Майдын негизги артыкчылыгы -анын курамындагы компоненттери организмде чогулуп калып калбайт. Ошондуктан, бул майды узак убакытта деле пайдалана берсеӊиз болот. Ал учурда организмге зыян келтирбейт. Бирок, майды сүйкөөрдөн мурун дарыгерден кеӊеш алышыӊыз керек. Эгерде сиздин көйгөйүӊүз бактерия менен байланыштуу болсо, анда ал майды 1 ай сүйкөсөӊүз да жардамын бере албайт.
Сасык тумоого каршы
Кебезди алып, оксолин майынан сүйкөп мурундун ичине киргизесиз. Ал эми ооруну алдын алуу үчүн күнүнө 1 жолу жасайсыз. Эгер оору бар болсо күнүнө 3-4 жолу кайталайсыз.

Көздүн сезгенүүсүндө
Эгерде көзүӊүз сезгенип же вирустук инфекциянын белгилери пайда болсо сурмаӊызга оксолин майын сүйкөп койсоӊуз болот. Эгер сезгенүү бактерия менен байланыштуу болсо, май жардам бербейт. Вирустук инфекцияны кантип билүүгө болот? Ал көздү кычыштырып, ысытат, чылпактайт.

Вирустук стоматитте
Балдарда айрыкча көп кездешүүчү вирустук стоматитте ар бир жарага оксолин майын сүйкөш керек. Эгерде жаӊы пайда болууларды каалабасаӊыз, ооз көӊдөйүнө толук сүйкөсөӊүз болот. Бирок, өзү араӊ турган бүйлөнү кайра жабыркатпай назик сүйкөш керек. Убакыттын өтүшү менен баягы жаралар кургай баштайт. Андан кийин оозду ромашканын кайнатмасы менен чайкап койгон оӊ.

Оксолиндин жардамы менен сөөлдөн айыкса болот
Сөөлдү айыктыруу үчүн оксолин майын 5-7 ай сүйкөш керек. Бирок, ал убакыт аралыгында сөөлдүн изи да калбайт. Сөөлдү айыктырууда 3%дуу оксолин майы жардам берет. Ал үчүн сөөл чыккан жерди жакшылап жууп, кургатып анан оксолин майын жука сүйкөп, бинт менен таӊып коёсуз. Бул процедураны күнүнө 2 жолу кайталайсыз.

Учукта
Статистикага таянсак герпес вирусу адамзаттын 80 пайызында бар. Негизи герпес андай деле ыӊгайсыздык жаратпайт. Бирок убагы келгенде күчөп кетиши мүмкүн. Кычышып, ысып, ачышып, кызарып, суу чыга баштайт. Учукта да 3%дуу оксолин майын жабыркаган эринге жука сүйкөйт. Анын белгилери башталганда эле оксолин майын сүйкөп баштасаӊыз эрте айыгасыз жана так калбайт.

Ветрянкада (чечек)
Ветрянка оорусунда көп педиатрлар оксолин майын колдонушпайт. Эгер жаӊы башталса 3%дуусун ал эми жара болсо 0,25%дуусун колдонсоӊуз жакшы. 1 жума күнүнө 2-3 жолу жука сүйкөп турасыз.

Кыйыр таасирлери:
Эмчек эмизген жана боюнда бар айымдар оксолин майын колдоноордон мурун дарыгер менен кеӊешиш керек. Оксолин майы аллергия кылбашы керек. Эгерде мурунга сүйкөгөндө кычышып, мурундан суу көп акса, дерматит байкалса сүйкөбөй эле койгонуӊуз оӊ.

Самара САЛАМАТОВА

Булак: Багыт гезити