Кыргызстандын аймагына чектеш өлкөлөрдүн биринен аткезчилик жол менен түстүү металлдарды ташып келаткан жүк ташуучу автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупция каршы күрөш кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, мыйзамсыз жүк Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөл постунан кармалган. Анын көлөмү 27 тоннага жакын экени, анда жез, латунь, алюминий экени такталган.
Баштапкы эсеп боюнча жүктүн базар баасы 150 миң АКШ долларынан ашык деп бааланган.
Бул факты боюнча материалдар Жазык кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») каралган кылмыш белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат