Эмгекчил адам алдыга койгон максатына тоскоолдуктарга карабай жетип келе жатканын турмуш тастыктап келет. Ийгиликке жетүүдө 1 пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек керек. Азыркы учурда үй-бүлө түйшүгү менен алпурушуп, иштей албай же иштеп жатып үй-бүлөсүнө жакшы көӊүл бура албай жүргөн кыз-келиндерибиз арбын эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Асел Асанбекова айым эки чылбыр бир тизгинди колуна алып, бала багуу өргүүсүндө бала менен отуруп үйүндө чакан цех ачуу менен бирге кыялдарын аздан болсо да орундатып келет. Кичинекей чүрпөсүн эмизе калып, балдарынын сабагына көӊүл буруп, үйүнө кошумча киреше таап жолдошуна жардам берген Асел айым пандемия учурунда жарандык милдетин аткарып, үйүнөн беткап тигип, колунда жокторго бекер тараткан патриот инсан. Жан дүйнөсү бай, дилгир айым менен маек куруп кайттым.
- Асел эже, тигүүчүлүк кесип менен эмгектенип келе жатканыӊызга канча убакыт болду?
- Он жыл мурун бардык тигүүчү кыздар сыяктуу эле ишимди тигүү цехинен баштагам. Ал убакта шаарга жаӊы келгенбиз. Үй-бүлөлүү аялзатына тигүүчүлүк ыӊгайлуу болгондуктан, бул кесипти тандап калдым. Башында кыйынчылыктар болду албетте, бирок, таенемдин колунда тарбиялангандыктан, жумушка бышкам. Таенем өзү колунан көөрү төгүлгөн чебер эле. Мага колума ийне берип сайма сайдырып, бир нерселерди тиктирип калгандыктан, тигүүчүлүктү бат эле өздөштүрүп кеттим.
- Үйүӊүздөгү цехти ачканыӊызга ким жардам берди?
- Кичүү уулумду төрөп үйдө отурганда цех ачуу идеясы пайда болду. Бала багуу өргүүсүндө болгон ар бир айым мени жакшы түшүнсө керек. Себеби, иштеп жүрүп эле бала багып акчасы жок отуруп калганда жаман болосуӊ. Жата берсем болбойт деп, тигүүчү машинени алгач ижарага алып иштеп жүрүп, кийинчерээк сатып алдым. Анан БУУнун “Аялдарды колдоо” боюнча долбооруна биздин кварталдык комитетибиз Гүлмира эже чакырып, ал жактан Раэль Осмонова эже менен таанышып, грант жазганды, аялзатына тиешелүү туура тамактануудан баштап, убакытты туура бөлүштүрүүгө чейин үйрөндүм. Ал долбоорго гранд жазып оверлог анан үтүк алдым. Ошентип үйдөгү цехим ачылып, үйүмдө, балдарымдын жанында жылуу-жумшак иштеп калдым. Үйдөн иштегендин бир жакшы жери, балдарыма көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Алардын окуусун көзөмөлдөп, буюрса алдыӊкы окуучу болушту, 6-класстагы уулум класстын президенти. Андан сырткары курстарга да жаздырганбыз, буюрса жыйынтыгы билине баштады.
- Ишимдин илгерилеп баратканын көргөн жолдошум азыркы жашап жаткан үйүбүздүн жанына биз жашаганга деп чоӊ там салып баштады. Буюрса ал там бүтсө, бул үйдү чоӊ эле цех кылып берем деп аракеттенип жатканына кубандым. Пландарыбыз ишке ашып кетсе, баласын каратканга кишиси жок, иштегиси келген кыз-келиндерге жардам кылып жашаган жери менен болгон шарты бар цех ачам деп ойлонуп жатам.
- Пандемияда беткапты бекер таратканыӊызды кошуналарыӊыз айтып ыраазы болушууда…
- Ооба, Раэль Осмонова эже машинканы алып келгенде жанына беткап тигүү үчүн кездемени кошо ала келишиптир. Ошол учурда беткап абдан кымбаттап кетпедиби. Элдер беткап эмес нан ала албай калган учурлар болду. Элге кичине болсо да жардам берүүнү туура көрүп, жолдошум экөөбүз 10 күн күнү-түнү тынбай иштедик. Тигилген маскаларды Ак-Ордо конушунда батирде тургандарга, сатып алганга шарты жокторго бекер тараттык. Рахматын айтып, батасын бергендер болду. Экинчи толкуну башталганда биз жакта стационар ачылганда дарыгерлерге да бердик. Андан ашып калгандарын карылар үйүнө алып барып беришти.
- Цехиӊизде көбүнчө кандай кийимдерди тигесиз?
- Тигүүчүлүккө аралашканы аялдардын кийимин тигип келем. Мен буюртмачылар менен ишетегендиктен, алар мага алып келген кандай үлгү болсо тиге берем. Ал эми балдарыма өзүм бычып, тигип бергенди жакшы көрөм. Үйүдүн сыртына “Кийим кыскартам” деп жазып илип койгом. Кошуналарыбыз шымдарын же көйнөктөрүн келип кыскартып кетишет. Ош базарга жол кире коротуп, кезек күтүп барып келгенче мага кирип тиктире калганына аларга да ыӊгайлуу. Конокко кетип баратып үйгө кайрылып, шаштырып кийимдерин кыскартып кетишет. Жаш балдар келет кечинде, тезинен кыскартып бербесеӊиз болбойт эже, — деп. Андай кардарларым көп.
- Маегибизди үй-бүлөӊүзгө бурсак?..
- Жолдошумдун аты Канат, экөөбүздүн бирге түтүн булатканыбызга быйыл 13 жыл болду. Ушул убакыт аралыгында Кудайым бизге 2 уул, бир кыз берди. Жаӊы турмуш куруп, айылдан шаарга келгенде биз деле жаш үй-бүлөлөрдөй болуп батирден-батирге көчүп жүрдүк. Батирдин түйшүгүн жакшы билебиз. Азыр минтип үйлүү болдук. Көрсө баары, убагы менен болот экен. Жолдошум жайкысын сантехника, отопление коет. Күзүндө жумушу көбүрөөк болуп, кышкысын токтоп калат. Кышында үй иштери менен алек.
- Кесибиӊизди өркүндөткүӊүз келеби?
- Мен жогоруда айткандай, мурда жөн гана акча тапсам болду десем, азыр цехти чоӊойтууну пландап жатам. Ошондуктан бир гана тигүүчүлүк менен чектелбестен, үлгү-конструкторунун (конструктор-лекальщик) окуусун окусамбы деп ойлонуп калдым.
- Эмнеге кызыгасыз?
- Машине айдаганга кызыгам. Азыр автомектепке барып окуп жатам. Балалуу кишиге ал дагы керек экен.
- Үйдөн иштегенде коноктор келип тажатпайбы?
- Ансыз болбойт да (күлүп). Келген кишиге кабагыӊды түйүп отура албайсыӊ. Аларга чай, тамак берип, конок кеткенден кийин түнү менен иштегенге туура келип калат. Ар бир иштин өзүнө тиешелүү кыйынчылыктары болсо керек. Жомоктогудай убагында иштеп, көп акча алып калганда жашоо кызыксыз болуп калбайбы. Кээде оодарчулар болуп калса, мен тамак жасагыча коноктордун колдоруна карматып коем, сүйлөшүп тамак ичкенче мага жардамын да берип кетишет. Тиккенди билгендер келип калса, тигип жардам берип кетишет.
- Иштеп жаткан же бала багуу өргүүсүндө жүргөн ккыз-келиндерге кандай кеӊеш бере аласыз?
- Аял киши үйдө отурса эркекке жагаарын байкадым. Үйдөн иштесе, ишиӊдин кыйынчылыгын көрүп, аяп турат экен. Кечке эле иштей бергенде да болбойт. Анда адам чөгүп, депрессияга тушугушу мүмкүн. Ошондуктан, убакытты туура пайдалана билип, кез-кезде эс алганды да билиш керек. Эс алуу десе эле кафе-ресторан эмес, мисалы сулуулук салондоруна барып, өзү көптөн бери каалап жүргөн курстарга жазылса болот. Аял киши такай өзүн карап жүрсө дейм. Адамдын колунан баары келет, айрыкча аялзатынын колунан келбеген нерсе жок деп айта алам. Ошондуктан, кыздар, өзүӊөрдү колго алып, кандай иште иштеп жатсаӊар да өзүӊөрдү караганга, аткарылбай жүргөн кыялдарыӊарды орундатканга убакыт тапкыла. Кыялдангыла, кыялыӊарды ишке ашырууга умтулгула. Күнүмдүк жумуш өтө берет, келечегибизди өзгөртүү өзүбүздүн гана колубузда экенин унутпагыла, — демекчимин.
Учурдан пайдаланып Ак-Ордо конушунун кварталдык комитети Бусурманкулова Гүлмира эжеге, Осмонова Раэль эжеге бизге шарт түзүп берип, колдогондоруна ыраазычылык билдирем. Биздин жашоого болгон көз карашыбыз түп орду менен өзгөрүшүнө эки эженин салымы чоӊ.
P.S. Макала БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган БУУнун аялдар түзүмүнүн колдоосунда “Зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизмди алдын алуу үчүн инклюзивдик башкаруу жана сот адилеттигинин системасы” долбоорунун алкагында даярдалды.
Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева