Кыргызстандын жараны Самара—Шымкент унаа жолунда «Volvo» менен унааларды жүктөп бара жаткан. 797-чакырымда башкарууну жоготуп, анын кесепетинен унаа жарга кулаган.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, айдоочуга полиция кызаткерлери көмөк көрсөтүшкөн. Автоунааны жардан дароо чыгарууга мүмкүн болгон эмес. Полиция кызматкерлери алгачкылардан болуп айдоочуну тамак-аш жана суу менен камсыздашкан.
Айдоочу жалпысынан 6 күн бою техникасынын жанында болгон. Автоунаа 9-январда гана полиция кызматкерлери жана «Казавтожол» мекемесинин кызматкерлеринин, техникасынын жардамында чыгарылды.
