Домой Спорт Кыргызстан Сараево шаарында өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алды

Кыргызстан Сараево шаарында өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алды

41

Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын 3-дивизионунун В тайпасынын жеңүүчүсү болду.

27-февралдан 5-мартка чейин Босния жана Герцеговина мамлекетинде өткөн чемпионатта Кыргызстан тайпасындагы 5 кураманы 76:5 эсебинде жеңип, биринчи орунду ээледи.

Буга байланыштуу улуттук курама дагы бир тепкичке көтөрүлүп, 3-дивизиондун А тайпасына чыкты.

Ал тайпасында Кыргызстан Түркмөнстан, Тайвань, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Таиланд жана Кытайга каршы беттешет.