Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия-2016 Азия чакырыгынын кубогунда 1-орунга ээ болуп, Азия чакырык Кубогунун элиталык дивизионуна жолдомо алды.
Эске салсак, турнир 9-апрелден 14-апрелге чейин Бишкек шаарындагы Шаардык муз айдыңында өткөн. Кыргызстан, Индия, Катар, Малайзия жана Макао өлкөлөрүнүн хоккейчилери катышкан турнирде кыргызстандык оюнчулар бардык төрт оюнду жалпы эсеп менен алганда 37:7 эсебинде утуп баш байгеге татыктуу болушса, күмүшкө Малайзия курамасы, коло медалга Макаонун хоккейчилери ээ болушту.
MegaCom 4G-оператору шайбалуу хоккей боюнча Азия чакырыгынын кубогунун башкы өнөктөшү катары кыргызстандык спортчуларга колдоо көрсөтүп, турнирдин байге фондуна өз салымын кошту. Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү компаниянын расмий баракчалары аркылуу өткөрүлгөн конкурстарга катышкан абоненттер музайдыңдагы беттешүүлөргө билеттерди утуп алып жатышты.
MegaCom Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кайдыгер карабастан, улуттук спорттук оюндарды, турнирлерди, чемпионаттарды өткөрүүгө демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп келет. Көптөгөн спорттук телеберүүлөрдү түз көрсөтүүнү уюштурууда да өлкөбүздүн ири мобилдик операторунун кошкон салымы чоң экенин баса белгилеп кетишибиз абзел. MegaCom мына ушундай демөөрчүлүк иштерин мындан ары да улантып, жалпы кыргыз спортчуларына ийгилик каалап, алардын мамлекетибиздин желегин дүйнө өлкөлөрүндө желбирете беришине тилектештигин билдирет.
MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!