Домой Экология Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 млн доллар насыя алат

137

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алат.

Тиешелүү келишим Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде бүгүн бир добуштан колдоо тапты.

Каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү үчүн жумшалат.

Анын алкагында жалпысынан 23 миң адам жумуш менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

Эми мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат.