Домой Ден-соолук Күнкарама муун оорусун айыктырат

Күнкарама муун оорусун айыктырат

445

күнкарама

Күнкарама өсүмдүгү бала чактан көзгө тааныш, жүрөккө жылуу сезилет. Мына ушул өсүмдүк организмдин зыяндуу заттардан тазалоодо орду чоң. Көпчүлүк адамдар организмдеги туз алмашуунун бузулушунан жабыр тартышат. А бул болсо, остеохандроз, подагра, артрит ж.б. көптөгөн оорулардын себепчиси. Мына ушул оорулардын алдын алуу үчүн күнкараманын тамырын колдонуу керек. Күзүндө күнкарама жетилип бышканда алардын баштарын кыркып алышат. Ушул убакта алардын тамырын казып алуу зарыл. Дарылыкка күнкараманын жоон тамырлары жарактуу. Казылып алынган тамырды жууп-тазалап, майда бөлүктөргө кесип, алардын тундурма жасайт. Тундурма жасоонун жолу мындай.

3 литр суу жана бир стакан күнкарама тамырын алабыз. Муну 3 мүнөт кайнатат. Бул кайнатманы тамактангандан жарым саат өткөндө эки күн ичет. Кайнатма бир стакандан кем болбошу керек. Ушул эле тамырды бир нече жолу кайнатып ичсе болот. Дарыланууну заара тунук түскө келмейинче токтотпойт. Дарылануу учурунда эт азыктарын жана ачуу азыктарды жегенге болбойт. Мындай курстан кийин сөөктөр менен муундар оорубай калат.