Өткөн жылдын 15-августунда Фучик эс алуу багынан 34-35 жаштардагы эркектин башы табылса, 17-августта “Бахчисарай” чайханасынын жанынан чемоданга салынган, бирок күйүп кеткен дене табылган болчу. Ошол эле күнү бул кылмышка шектүү катары өлгөн кишинин жубайы А. Субанова кармалган.
Эми ошол мыкаачы келиндин соттук иши 14 -мартта Бишкектин Октябрь райондук сотунда башталганы турат. Күйөөсүнүн баштыктарга салынган денесинин бөлүктөрү борбор калаанын бир нече районунан табылган.
Субанова Медакадемиянын бүтүрүүчүсү. Айдай бул ишке үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам барганын баяндап берген.