Домой Технологиялар Орусиянын өзүнүн Skype сымал сервиси болот

Орусиянын өзүнүн Skype сымал сервиси болот

46

Аллё — виртуалдык оператор

Орусиянын «Ростелеком» компаниясы чалуулар жана билдирүүлөр үчүн өзүнүн сервисин иштеп чыкты. Бул кызмат “Аллё” деп аталып, бардык мобилдик аспаптар үчүн жеткиликтүү болот. Буга чейин Skype менен сүйлөшүп келген орус атуулдары үчүн бул жагымдуу жаңылык болмокчу. Бирок, бир жаман жери – кызмат бекер болбойт. Колдонуучулар кызматты үй телефонуна туташтырып же жаңы номур ала алышат. Орус скайпы 2016-жылдын июнь айларында Орусиянын 16 ири шаарында ишке кирет.