Татарстандын Жогорку соту кыргызстандык Жахон Кудайбердиев дегенди 29-мартта тогуз жылга эркинен ажыратты. Кудайбердиев өткөн жылдын 13-октябрында көчөдөн 25 жаштагы сойку менен таанышып, турган үйүнө ээрчитип барат. Экөө ичет, чатакташат, анан мас болгон неме сойкуну муунтуп өлтүрөт да, анын сөөгүн шейшеп менен ороп, башына мүшөк кийгизип туруп эки күндөн кийин терезеден ыргытып жиберет. Кудайбердиев тогуз жылга кесилгенине кошумча кыздын энесине 700 миң рубль, сойкунун телефонун талкалаганы үчүн 20 миң рубль төлөөгө милдеттендирилди.