Домой Тагдыр 15 жаштагы менин окуучу кызымды 6 эркек кытайлар менен кармап алдым

15 жаштагы менин окуучу кызымды 6 эркек кытайлар менен кармап алдым

658

Мен өзүм кесибим боюнча педагог элем. Мектепте деле көп жыл иштедим. Чогу иштеген коллегамдын сурануусу менен жетим балдар үйүно тарбиячы керек болуп атат дегенинен Бишкектин бир жетим балдар уйуно кирип иштеп калдым. Бул балдар үйү жон гана жетим балдар үйү эмес, психикалык жактан жабырланган балдар дагы бар эле. Биринчи иштеп баштаган күнүмон тарта, ар бир баланын жүрөгундө кандай мүн бар экенин, алардын бул жетим балдар үйүно кантип келип калганын акырындап өздук делолорунан окуп баштадым. Делолору менен таанышкандан кийин балдардын кандай травмалары бар  экенин билип анан ошого жараша этияттык мамиле кылчубуз. Бир куну ошол приютка 15 жаштагы бир Айтунук деген кыз келди.Биринчи алардын өздук делолорун толтураардан мурун өздөру менен маек куруп, психикасын текшерип, анализдеп анан ошого жараша психикалык жардамды көрсөтөт элек. Айтунуктун мунөзу аба ырайындай бат эле өзгөрүп турат эле. Бир күнү чайыттай ачык кабагы, бир күнү бороон чапкын болуп өзүнө өзү кол салып суицид кылам деп канча жолу аман алып калдым. Көпкө чейин Айтунуктан бул жерге не себептен келип калдың деп сураганга батына албай жүрдүм. Бир күнү приюттан балдар менен уруша кетти. Ошондо Айтунук катуу ыйлап кыздар жатаканасындагы туаелетке кирип муунуп өлөм деп жаткан жеринен коллегам экөөбуз кармап калдык дагы, андан соң озүнчө сүйлөшүүгө бөлмөгө алып кирип, сурап баштадым. Эмне үчүн өз жаныңды кыйганга дайыма аракет кыласың? Неге жашооңду барктабайсың десем, Айтунук ыйлап, анын атасы жок экенин, апасына баарыбир экендигин айтып, туугандарынан кордук көрүп чонойгонун айтып ыйлап жатты. Коллегам экөөбүз Айтунуктун көргөн кордугун угуп, жаныбыз кейип отурдук. Ошол кундон тарта Айтунука негедир жакын болуп, өзүмдүн кеп кенештеримди айтып, башка балдарга караганда көбурөөк мээрим, убакыт бөлүп жүрүп өзүмө жакындатып алдым. Мага көнүп көп нерсени мени менен кенешпейинче кылбай, ар дайым  жардам керек болгондо мага кайрылып турчу.Колуман келишинче Айтунук менен иштешип, психикалык жактан көп эле жардам берип, Айтунуктун оюн, жашоого болгон көз карашынын өзгөрүүсунө себепкер болдум десем жанылышпайм. Анткени Айтунук бир жылдын ичинде жакшы жака өзгөрду.Баякы өлөм деп өз жанын кыйам деп аракет кылган Айтунук жок. Ошентип убакыт өтуп, жылдын аягы келип, Айтунук 9 классты аяктап, Бишкектеги педагогикалык колледжке окуга өткөрүп, аны менен бирге документ чогултуп, спонсорлорду таап Айтунуктун контрагын төлөп, ар дайым жардамын бергенге даяр болгон жакшы адамдарды да кезиктирдик. Айтунукту окууга өткөргөндө, тим эле өзум өткөндой, кубанычымда чек жок. Анткени бир жыл мурунку Айтунук жок. Жашоого болгон үмүтү, тилеги, кыялы, пландары чон эле. Айтунукту көруп мен суйунөм, анткени Айтунуктун мындай денгээлге жетиши менин эмгегим эле! Жайкы каникул аяктап, оку башталды. Айтунук жакшы окуп, агайлары, эжелери аябай макташат. Мен дагы суйунуп, жакшы окуп атат, болду эми контролдогонду токтотуп, өз жайына койойун, буйурса келечеги жакшы деген ой менен көп деле, мурункудай кунугө чалып, сурабай деле калдым. Убакыт өтуп атты. Бир куну педагогикалык коллеждин мугалими чалып алып,Айтунуктун канча кундөн бери сабакты таштап, окуга келбей жургонун айтты. Мени тезирээк келе калыныз деп суранганынан , Айтунуктун жашап жаткан общежитиясына бара калсам, уктап жаткан экен. Мени көргөн Айтунук чочуп ордунан тура калды. Эмнеге окуга барбай журөсун , агайын чалды десем, мага оку кызыксыз, мен элдерге окшоп жыргап жашагым келет деп өңун, түсүн өзгөртүп мурдакы приютта жүргөн абалына түшүп калгандай суйлөдү. Мен Айтунука түшүндүрүп жаттым, билим алсаң анан баардык жашоон өзгөрөт, акча таап, өз алдынча жашап баштайсын, биринчи окунду жакшы окуп, билим алып ал десем, уккусу келген жок. Бир сыйра кеп кенештеримди айтып, комнатадан чыгып кеттим. Жолдо баратып ойлондум, неге Айтунук кайра мурдагы кейпине тушуп калды, бул кызга эмне жетпей атат? Акча жетпей кыйналып атат дейин десем, спонсор болуп жүргөн боорукер байке, эжекелерибиз ай сайын акчасын колуна берип турушат. Айтор түшүнгөн жокмун, бирок ичимде баары жакшы болот деген үмүт менен кете бердим. Коллегам Бишкектеги бир мейманканалардын биринде администратор эле. Иштеген жерине учурашып койойун деп бара калсам, кардарлар келип калды. Алты кыргыз кыз жана алты кытай жигиттери менен ээрчишип келип калышты.Кыздардын арасынан бирөө көзүмө жылуу учурады, карасам баякы менин окуучум, өзүм тарбиялаган кыз Айтунук. Көргөн көзумө ишенбей, ошол жерден тил катып эле туруп калдым. Айтунук мени көрдү, бирок көрмөксөнгө салып бир кытайды ээрчип алып бөлмөгө кирип кетти. Көрсө Айтунук эчакта эле жашы 16 да экенине карабай кардарлардлы тээлеп, интимдик кызмат көрсөтүүчү Бишктеги бир сойкулар үйүндө иштеп жүргөн экен. Сөздүн аягында бул кызга тамакты чайнап берсек дагы жута албай, канча жардамды берсек дагы алып кете албай койду. Азыркыга чейин түшүнбөйм Айтунук эмнеге мындай жолго барып , айлана чөйрөсүндөгү канча жардамын сунган адамдардын жардамын албай, өзүн отко түртүп, туура эмес жолду тандап алды.Кээде туруп ичим ачышат. Жаным кейип, жашоосунун он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе сойку канада сойку болуп иштеп журот.