Домой Коом Жумалиев: «Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ...

Жумалиев: «Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ нота жөнөтүшү керек»

672

Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ нота жөнөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Жумалиев билдирди.

«2-октябрь күнү Пакистандын медициналык кеңеши Кыргыз мамлекетиндеги медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизди деп жарыяланган. Тышкы иштер министрлигине кат жаздым. Пакистандын медициналык кеңешмесинин мамилеси Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүү деп эсептейм. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги тез аранын ичине Пакистандын өкмөтүнө, парламентине нота жөнөтүшү керек. Кыргыз мамлекетинин 18 медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени менен дүйнө жүзүнө уят кылды», — дейт ал.