Домой Саясат Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга иш сапары менен барып...

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга иш сапары менен барып келди

196
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз мамлекетиндеги медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселе чечилди. «Өлкөдөгү медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болушту. Ал эми жаңы ачылган медициналык окуу жайлар министрдин талабы менен өзүнчө тизмеге киргизилет. Жогорудагы тизмеделердеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат. Муну менен катар эки тараптын ортосундагы айырмачылыктардан улам чыккан маселелер комплекстүү каралып, Билим берүү жана илим министрлигинин койгон талаптарына ылайык чечилди», — деп жазылат маалыматта.
Пакистандагы иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушуп, Кыргыз-Пакистан илимий фондун түзүү тууралуу макулдашты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Федералдык жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Мехмуд менен жолугушту.
Ошондой эле, Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын саламаттык сактоо министри Файсал Султан менен жолугуп, Кыргыз мамлекетинде окуп жаткан пакистандык студенттер тууралуу маек курду.