29-июнда Ак үйдүн алдында Апрель революциясынын катышуучуларыбыз деген айрым адамдар митинг өткөрүп, ыңкылаптын максаттары ишке ашпаганын айтып нааразы болду. Алардын арасында баягы эле Осунбек Жамансариев бар. Бирок, 2010-жылы канкор Бакиевдердин огунан каза болгондордун жакындары бул митингге революцияга тиешеси жок адамдар чыкканын айтып, каршы пикирлерин билдирүүдө.
Апрель революциясынын катышуучуларынан түзүлгөн «Эр теги» коомдук уюмунун теңтөрагасы Айчүрөк Камаева революциянын максаттары ишке ашканын айтып, президенттин жүргүзүп жаткан саясатын колдой турганын билдирди. Ошондой эле ал О.Жамансариев катышкан акцияга 7-апрелде каза болгондордун жана жабыр тарткандардын жакындары кошулбаганын белгиледи. “О.Жамансариев уюштурган митингге Апрель ревоюциясынан каза болгондордун жана жабыр тарткандардын жакындары катышкан жок жана катышпайт. Мен жеке өзүм алардын баарына чалып сурадым. Алар Жамансариевдин митингине чыкпай турганын айтты. Эгер алар биздин атыбызга жамынып стабилдүүлүккө каршы иштерди жасаса катуу жазаланышын талап кылабыз. Биз президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатын колдойбуз”, — дейт ал.
Ошондой эле Айчүрөк Камаева акчага сатылып же Апрель революциясынын баатырларынын атын сатып башаламандык уюштургандарды катуу жазалоо сунушун айтат. “Биз Апрель революциясынын баатырлары өлкөдөгү тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн сакталышын каалайбыз”, — дейт ал.
«Мекен шейиттери” коомдук уюмунун мүчөсү Нурия Айдабосунова да митингге Апрель революциясынын баатырлары катышпаганын айтып, Апрель революциясы максатына жеткен жок деген айыптарга кошулбай турганын билдирди. “Мен алардын пикирине такыр кошулбаймын. Өлкөдө баары эле жаман деген туура эмес. Антип айтканга болбойт! Келгиле, Апрель роволюциясында каза болгондордун атын булгаганды токтотолу”, — дейт ал. best national pharmacy.
Осунбек Жамансариев уюштурган бул митингди Аида Салянованын агасы Калыйбек Салянов каржылаганы кабарланууда. Анткени, ал Камила Дүйшөбаева аттуу кыздын өлүмүнө шектелип, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Калыйбек Салянов менен Осунбек Жамансариев жакын дос. Камила Дүйшөбаева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн күнү да ушул эки дос аны менен чогуу саунада болгон. Демек, булар жоопкерчиликтен качуу үчүн Апрель баатырларынын атын жамынып бийликке кыр көрсөткүсү келип жатат. Мындай “опузадан” пайда чыкпай турганын билсе кана.