Домой Саясат Жээнбековду үлкөн күчтөр колдой башташты, Бабанов да катарга кошулабы?

Жээнбековду үлкөн күчтөр колдой башташты, Бабанов да катарга кошулабы?

57

   43298

 КСДПнын саясый кеңеши президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Сооронбай Жээнбековду түркүн саясый күчтөр колдоого өттү. Маселен, парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” фракцияларынын таасирдүү депутаттары атайын билдирүү таратып, аламан жарышта Сооронбай Шариповичти сүрөөнгө алаарын расмий жарыялашаары күтүлүүдө. Ошондой эле “Кыргызстан”, “Замандаш” сыяктуу партиялар жакынкы аралыкта жыйын өткөрүп, С.Жээнбековду колдоорун расмий билдиришмекчи. Буга улай Апрель революциясынын урматына түзүлгөн бирикмелер, коомдук уюмдар да жамы журтту КСДПнын бирдиктүү талапкерин колдоого чакырарына жакынкы күндөрү күбө болобуз. Мындай шартта бийлик менен дайыма жылуу мамилени кармап келаткан “Республиканын” төрагасы Өмүрбек Бабанов да “мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн” ураанын таштап, Сооронбай мырзаны колдогон топко кошулуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Кыргыз саясатында кө-өп нерсени күтсө болот эмеспи… brahmin handbags.

Айтор, «Күч бирдикте» демекчи, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын экономикасын, маданиятын, деги эле ар тараптан көтөрүү үчүн бизде ириде ынтымак жана биримдик керек экендигин саясатчыларыбыз да туура баамдап калышкандай. Баарыбыз эле «президент болуу» амбициясы менен жашай берсек, анда эч качан бири-бирибизге көмөк кылып, мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн салымыбызды кошо албай калабыз. Ал эми бир лидерди тандап, калганыбыз ага кол кабыш кылып, жөлөк-таяк болуп берсек гана өнүгүүнүн үстүндө болот эмеспизби.