Домой Коом Индиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Индиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

108

10-11-октябрда Индиянын тышкы иштер министри Субраманям Жайшанкар Кыргызстанга келет.

Индиянын маалымат каражаттары жазгандай, визиттин негизги темасы Ооганстандагы абал жана аймактык коопсуздук болмокчу.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу пландалууда. Иш сапардын жүрүшүндө кээ бир документтерге жана меморандумдарга кол коюлат.

Субраманям Жайшанкар Кыргызстандан тышкары Казакстан менен Арменияга да барат.