Домой Коом Саламаттыкты сактоо министрлиги 43 тез жардам унаасын сатып алганга тендер жарыялады

Саламаттыкты сактоо министрлиги 43 тез жардам унаасын сатып алганга тендер жарыялады

20

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тез жардам унааларын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамллекеттик сатып алуулар порталы жарялады.

Маалыматка ылайык, 43 тез жардам унаасын сатып алууга 167,7 миллион сом жумшоо пландалууда. Техникалык спецификацияда В классындагы (4х2) 43 тез жардам унаасын сатып алуу пландаштырылган. Тендерге ылайык, тез жардам унаалары ушул жылдын декабрынын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына алынышы керек.