Домой Коом Ибрагим Жунусов сакалы чапталган жасалма ак сакалдан эмес чыныгы карыялардан бата алса...

Ибрагим Жунусов сакалы чапталган жасалма ак сакалдан эмес чыныгы карыялардан бата алса болмок

788

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу токтоткон. Мурунку элчинин үгүт иштери учурунда боз үйдүн ичинде олтуруп ак сакалдан бата алып жаткандагы сүрөтү соц тармакта катуу талкууга тушту.

Ибрагим Жунусовго ак жол каалап, бата берип жаткан карыя менен түшкөн сүрөтү кызуу талкууга кабылды. Үгүт иштеринин расмий ачылуу аземинде кыргыз боз үйүн тигип, ак чапанын жайкалта бата берип жаткан ак сакал жасалма экен, айылдарга барса чыныгы аталардын батасын алмак деген сындар айтылды.

Ага утурлай эле КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков да бул тууралуу билдирүү калтырды: “Эй бул аксакалды эле эмне жамандап жатасыңар жасалма деп?! Азыр жасалма коомдо реалдуу аксакалды каяктан табасыңар? Жакшы эле аксакал, муруту, сакалы деле сапаттуу материалдардан жасалыптыр. Мен мен деген Аяз аталардан кем калбайт, ашып эле кетпесе. Бирок бир аз хамелеонураак аксакал окшойт, бир карасаң Аяз ата, бир карасаң Гендальф, башка жагынан карасаң эле кытайыский кунгфу чал”, -деп билдирүү калтырды Карыпбеков.

“Бир айга ак сакал ижарага берилет. Шайлоо бүткөнчө. Курамында чапталма сакал, чепкен, калпак жана ак бата бар”, -деген комментарийлерди калтырууда соц тармактын колдонуучулары.

Белгилей кетсек, элчи Ибрагим Жунусов “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого барат.

Булак: barometr.kg