Домой Коом Улуттук тамактануу салттары COVID-19дан кайтыш болгондордун санына таасир этет

Улуттук тамактануу салттары COVID-19дан кайтыш болгондордун санына таасир этет

150

Берлиндин Гумбольдт атындагы Университеттин клиникасынан Жан Бускенин жетекчилиги алдындагы эларалык окумуштуулар коллективи, тамактануунун улуттук өзгөчөлүгү  COVID-19дан кайтыш болгондордун санына таасир этиши ыктымал деп жоромолдошот. Бул тууралуу “Известия” жазып чыкты.

Джонс Хопкинстин  Университетинин маалыматтарына таянышып, изилдөөчүлөр коронавирустан көз жумгандардын санынын төмөндүгү Германия, Австрия, Чехия, Польша, Словакия жана Финляндияда катталганын мисалга келтиришкен. Бул өлкөлөрдө көрсөткүч 4%тен ашкан эмес. Кайтыш болгондордун санынын көптүгү жагынан алдыга Бельгия, Франция, Италия жана Великобритания чыккан. Булардын көрсөткүчү 10%тен жогору.

Окумуштуулар бул өлкөлөрдүн элдеринин тамактануусу COVID-19дан каза тапкандардын санына таасир бериши ыктымал деп жоромолдошот.

«Күчтүү антиоксиданттык таасири бар, же АСЕ2ге (белок — SARS-CoV-2нин клеткага кире турган “чекити” — “Известия”) каршы активдүүлүгү жогору тамак-аштарды, маселен ачытылган капустаны, так ошол кайтыш болгондордун саны аз европалык өлкөлөрдө, ошондой эле Корея менен Тайванда көп пайдаланышат. Бул өлкөлөрдү көз жумгандары төмөн топ катары караса болот», — дешет иликтөөнүн авторлору.

Ошондой эле, эксперттер иммунндук системага тамактануунун тийгизген таасирин арттыруу үчүн, бир нече жылдар боюу белгилүү бир рационду кармануу керек дешет. Иммунитеттин көрсөткүчтөрүн бир жумада, же бир айда өзгөртүү мүмкүн эмес. Жалпысынан, витаминамдерге жана антиоксиданттарга бай диета адекваттуу иммунитеттин калыптануусуна таасир этип, саламаттык үчүн пайдалуу салмакты сактап турат да, мунун натыйжасы сакаюга жана коронавирус инфекциясынын жеңил өтүшүнө алып келет.

Булак: abal.kg