Домой Ден-соолук Эрте жазда эсти оодарган бронхит

Эрте жазда эсти оодарган бронхит

1517

Бронхитти парлооБронхит бул — бронхтордун (кекиртек бутактарынын өпкө менен кошулган жери) сезгенип оорушу жана дем алуу жолдорунун абдан кеңири таркаган оорусу. Быйылкы жаздын нымдуу келиши, жаан-чачындын көп болушу өнөкөт бронхити барларды түйшүккө салды. Оорунун курч кармаган жана өнөкөт бронхит деп эки түрү кездешет. Курч кармаган бронхит инфекциялык мүнөздө болуп көбүнчө суук тийгенден улам пайда болот. Ал дене-бойдун талыкшып оорушу менен башталат: булчуңдар ооруп, адам чүчкүрүп, тамагы кычышып, көкүрөгү кысылып ооруйт. Өнөкөт бронхиттин пайда болушуна тамеки тартуу, чаң жана кир аба, өпкөнүн бронхторунун былжыр катмарынын узак убакытка чейин дүүлүккөн абалда жүрүшү шарт жаратат.

 

Элдик медицина менен дарылоо

Күңүрт айнектүү банкага 10 ак кабыктуу жаңы жумуртка, 10 кесилген лимон салып жылуу жана караңгы жерге эки жумага коюп коет. Андан кийин анын көк датын (плесень) алып, жыгач кашык менен аралаштырып, 0,5 литр коньяк куюп дагы үч жумага тыныктырат. Качан банкада көк даттар пайда болбой калганда анын ичиндеги суюктукту аралаштырып башка таза бөтөлкөгө куюп алат. Салкын жерде сактоо керек. Чай кашык менен күнүнө үч жолудан кабыл алат.

 

  • Балдардын бронхит жана жөтөл оорусунда: түрптү майда кубик түрүндө кесип кастрюлга салып үстүнө шекер кошот. Муну духовкада 2 саат кармайт, андан кийин дакиден өткөрүп алып бөтөлкөгө куюп коет. Тамактан кийин жана уктар алдында 2 чай кашыктан күнүнө 3-4 жолу ичет.
  • Чоңдордун өнөкөт бронхит оорусунда: жумшак кездеме алып, аны жылуу өсүмдүк майына абдан нымдап туруп көкүрөккө коюп үстүнөн дагы бир кездеме менен жабат. Муну үч жолу жасагандан кийин көкүрөктөгү ышкырык жана кысылуу жоголот.
  • Аарчылган пияздын башынан тешик жасап ага 1 чай кашык кумшекер куят. Күн сайын айыккыча ушундай пияздан бирди жеш керек.
  • 2 аш кашык жаңы каймак майын, 2 жумуртканын сарысын, 1 чай кашык ун жана 2 чай кашык балды аралаштырат. Күнүнө 4-5 жолу тамак алдында 1 аш кашыктан ичип турат.
  • 0,5 литр сууга 2-4 аш кашык чалкандын уругунан кошуп кайнатып термоско түнү менен демдеп коет. Муну жарым стакандан күнүнө 3-4 жолу ичип турат.
  • “Золотая звезда” бальзамы да бронхитте жакшы жардам берет. Кайнак суусу бар кастрюлга ширенкенин башынчалык бальзамдан салып күнүнө 2-3 жолудан 2-3 мүнөткө ингаляция жасайт.
  • Курч кармаган бронхитте: 2 аш кашык мандариндин майдаланган кабыктарын (кургатылганы да жарай берет) бир стакан кайнак сууга кошуп бир саатка коюп коет. Дакиден өткөрүп алып ар 2-3 саат сайын 2 аш кашыктан ичип турат.
  • 10 грек жаңгагынын ички кабыгын сыйрып алып эки литрлик термоско салабыз. Андан кийин сүттү кайнатып алып термостогу жаңгак кабыктарын жаба куят. 4-5 саатка тыныктырып коет. Тундурма бир аз муздаганда жаңгак кабыктарын алып таштап, жарым стакандан бат-баттан ичип турат. Муну балдарга берсе да болот.
  • Бир чоң пиязды абдан майдалап туурап, анын үстүнө кумшекерден мол себет да 2-3 саатка тыныктырып коет. Муну ар эки саат сайын 1 аш кашыктан ичет. Эки күндөн кийин какырык чыга баштайт. Бир жумадан кийин бронхиттен толук айыгасыз.

Аида Мусаева