Белгилүү акын Асек Казиевдин “Ханда жок байлык менде бар” деген китеби жарык көрдү. Анын баш сөзүндө профессор Үсөнбек Асаналиев минтип жазат: “Асек Казиев – Байдылданын батасын алган акын. Байдыкем да Асек акындын басыгын, баш терисин байкап-баамдап, сөздөрүн салмактап, таразалап отуруп, таасын баа берип, акындыгына ак жол каалаган. Болбосо, татымы жок, эки ооз сөздү эп келтире албаган, баары-жокту бабырагандарга Байдыке бата бермек түгүл, башкача узатып коймок. Асек – табиятынан нукура акын. Акын болгондо да Мидин, Байдылданын тибиндеги акын. Чукугандай сөз тапкан, шыдыр-шыр жазган, сөздү кынтыгы жок кынаптай билген зергер калемгер”.