Бүгүн түштөн кийин экс-каржы министри суракка алынат
Экс-каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Белгилүү болгондой, ал бүгүн түштөн кийин суракка алынат. Кайсы иштин алкагында тергөө иш-аракетинде мурунку аткаминерге суроолор болгону, азырынча белгисиз.
булак: vesti.kg