Домой Коом Демилгелүү жаштар Өрүктү-Сай айылына жаңы көпүрө курууда

Демилгелүү жаштар Өрүктү-Сай айылына жаңы көпүрө курууда

152

finasteride tblets for sale. NazarNews_89c14aee4053ff61513c5f59421950fe Ааламга кеткен жол айылдан башталат. Ачык асмандын аңкыган абасынан дем алып нечендеген мыктылар айыл жергесинен ааламга таанылган. Анын сыңарындай мектепти аяктагандан соң 10 жылдык жолугушууга келе турган классташтар куру барбай сөзсүз белек көтөрүнүп мугалимдерин куттукташат. Соңку мезгилде куттуктап эле тим болбостон ушундай бир көңүл кубанткан иштер жыл сайын 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылууда. Мисалы: айылынын кире беришине дарбаза куруп, жетим-жесирлерге жардам берип, үйү жокторго үй салып кубантып жатышат.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылындагы 2007-жылкы 10 жылдык Бүтүрүүчүлөр өздөрү өскөн айылына көпүрө куруп берүүнү колго алышкан. Азыркы учурда көпүрө куруу иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Тактап кое турган болсок Өрүктү-Сай айылына пайдалуу эстелик катары калтырууну 1989-жылы төрөлгөн жигиттер жапа тырмак жабыла жасашууда. Бул тууралуу классташтардын атынан Курманбек Ниязбеков билдирди.