Домой Коом Асанакунов кашекчил кадрларды жөн койбойт

Асанакунов кашекчил кадрларды жөн койбойт

50

cheap flagyl online. Sanatorij-Dzhalal-Abad- Биздин мамлекетте жаңылануу, тазалануу жок деп соктургандар эле козу карындай жамырайт. Тилекке каршы өзүм билемдик менен өлкөнүн эсебинен жашагандарды  тазалай баштаганда эле ортодон сороктоп, ошолорду коргогондор табыла калат. Тимеле муунтуп жаткандай айкырык салышат, ботом. Өткөндө Жалал-Абад санаториясындагы  кызмат алмаштырууну казанбактай көрсөтүп амалдангандар болду. Жалаң эле бир жактуу каралап чыгышты. Кокуй-наалат басып алыша турган болду деп ыйлаакташса жанына адам чыдап тура албайт,катыгүн.

Көрсө окуянын чын-бышыгы башкача экен. Беш жылдан бери ушул санаториянын деректирлигин мыкчыган Максат Абышкаев биротоло бул тармакты өзүнүн жайытына айлантып алыптыр. Анын абийири атайын жөнөтүлгөн текшерүүдөн кийин айрандай төгүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2017-жылдын 1-апрелине карата карызы 12 миллион 635 миң сомду чапчыптыр. Майдалап айта берсек сөз узарып кетет.

Тегерегине жалаң туугандарын, өзгөндүк жердештерин, тааныштарын чогултуп алып чебин катуу бекемдеп алыптыр. Орун басары, башкы бухгалтери, кассири, азык-түлүк даярдоочусу көздөй болгон жакындары экен. Ошол үчүн камандай күркүрөп эч кимди көзүнө илбей жатыптыр. Бирөөлөр катылса чогулуп алып айгайды салышып, кууп чыгышат тура. Ушундан улам бири да лам дебей хоп деп турушканы ачык байкалды. Жаңыдан кыргызстан профсоюздар федерациясына төрага болуп келген Мирбек Асанакунов кызматынан кыянаттык менен пайдалангандарды  ордуна койгондон эми кайра тартпайт. Анткени санаторияны өз “акырына” оштонтуп алып, каалагандай тайраңдайм дегендердин доору бүтөр мезгили келди.

-“Биздин эркибиз мындайлардан тазаланууга толук жетет. Реформаны жасагандын эмнеси жаман?  Кызматка келген соң анын өтөлүнө чыгышыбыз кажет. Мейли, ар кандай пиарларды убактылуу жасай беришсин. Бирок, баары бир мыйзамды сыйлоого үйрөтөбүз. Ар бир жаран мыйзамдын чегинен чыкпоосу тийиш. Кыскасын айтканда биз өзүм билемдик кылгандардын мурдуна чүлүк салабыз. Акыйкаттык биз тарапта. Кандай кыңыр иштерге жол берилгенин күч түзүмдөрү аныктайт деген ойдобуз”-деди федерациянын төрагасы М.Асанакунов биз менен болгон байланышууда.

Чынында эле бир маалымат жарыяланса чөкө таандай баса калып чыгара салгандар бар. Ошол маалыматтын чын-төгүнү кандай экенине маани бергенди үйрөнүшүбүз зарыл. Аша чаап кеткендигибизди деле моюндап койсок бир жерибиз кемип калбайт. Бир жактуу жамандай берүү абдан оңой. Ошентсе да так маалыматка таянып жазсак алда канча акыйкаттуу болорун эскерте кетели.

Баса, жаңыдан Жалал-Абаддагы санаторияга деректир болуп барган  Эркебай Мааткеримов алгачкы күндөн тартып акыйкат иштей баштаптыр. Мурда эс алууга болгону 150 киши келди деп маалымат берилип жүрсө бул күндөрдө ал көрсөткүч 350 гө жетиптир. Демек, калган акча кимдин чөнтөгүнө иштеген? Ага баш оорутуунун кажети жок. Буйруса  өз “акырга” айланган жемкана эми мамлекеттин казынасына иштей баштайт. Деги мунун эмнеси жаман? Же жегич, ичкичтердики туура беле? Кана ойлонуп көрөлүчү. Мирбек Асанакуновду жөн жерден жамандай бергендерге жол болсун!