Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Бишкек шаарындагы мушташ боюнча маалымат берди. Мушташтын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Окуя 11-декабрда болжол менен саат 14:00дө Дэн Сяопин көчөсүндөгү «Шинный центр» дүкөнүнүн алдында болгон.
Видеодон белгилүү болгондой, мушташ жергиликтүү тургундар менен «Шинный центр» дүкөнүнүн администрациясынын ортосунда чыккан. Ага жолду унаалар тосуп калганы себеп болгон. Жерине милиция кызматкерлери барган.
Биринчи май РИИБден билдиришкендей, мушташтын катышуучуларын №5 милициянын шаардык бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерден П.Р. арыз менен кайрылып, жергиликтүү эки тургун аны сабап салышканын билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды.
Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында 2004-жылы туулган Б.Н. менен 1990-жылы туулган Ж.Э.нин аракеттерине юридикалык баа берилет. Алар милиция бөлүмүнө келип турууга милдеттеништи.