Газ куурлары, жогорку чыңалуудагы электр линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдүн, мал көмүлгөн жерлердин, таштанды таштоочу жайлардын буфердик зонасында уруксатсыз курулуш жүргөн жер тилкелери;
Социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин курууга арналган жерлер;
Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери;
Экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, алар боюнча сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар зонасына кирген жер участоктору, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилери бар жер участоктору, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери, маданият жана эс алуу парктары, ботаникалык парк;
«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» жана «Суу фондунун жерлери» категорияларындагы, ошондой эле үрөн чарбаларынын, асыл тукум чарбаларынын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илим-изилдөө мекемелеринин жер тилкелери.