Президенттин тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 27-пункту алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Министрлер кабинети тиешелүү токтом кабыл алды.
«Эске салсак, мамлекет башчысы 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна күтүүсүз барган. Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдө Министрлер кабинетинин аталган токтомунун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну бир топ татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон.
Жаңы конушка барып келгенден кийин мамлекет башчысы бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда да жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.
Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандар тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди.
Президент ар дайым, өзгөчө жарандардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелерде, бюрократиялык процесстерди минималдаштыруу милдетин коюп келет.
Кечээ мамлекет башчынын катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечими кабыл алынган.
Президенттин тапшырмасын аткарууну кечеңдеткен жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп жазды Султанбаев.
Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 27-пункту:
Жер мунапысынын объектиси жеке менчикте болгон жана менчик ээси жер мунапысына туура келген жер участогунун бөлүгүн берүүдөн баш тарткан учурда талаш-тартыштар жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилет.