Домой Технологиялар Apple: iCloud сервисиндеги жеке маалыматтарды эми мураска калтырса болот

Apple: iCloud сервисиндеги жеке маалыматтарды эми мураска калтырса болот

50

Apple компаниясы колдонуучулардын iCloud сервисиндеги жеке маалыматтарын жакындарына мураска калтырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу The Verge порталы кабарлады.

iOS операциялык системасынын жаңы версиясындагы бул кызмат «Санариптик мурас» (Digital Legacy) деп аталат. Колдонуучу беш кишини каттата алат. Бул адамдар аккаунттун ээсинин көзү өткөн соң андагы маалыматтарды колдонсо болот.

Жаңы функцияны колдонуу үчүн iOS системасын 15.2 версиясына чейин жаңылоо керек.

«Аккаунт ээси мураскерлердин аты-жөнүн белгилеп гана койгону жетиштүү», — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, бул кадам маркумдун жакындарына бир топ жеңилдиктерди берет. Буга чейин маалыматтарды алууга зарыл болгон учурда дагы соттун чечимисиз бул нерселер ишке ашчу эмес.

sputnik.kg