Бул айран-таң калтырып, жакаңды карматкан окуянын каарманы — Кытайдын Фуцзянь провинциясынын тургуну, ысымы Дуань. Бул жигит мектепти орто жолдо таштап, 13 жаштагы кыз менен жашай баштаган. Кытайда жыныстык жактан жетилүү курагы 14 жашты түзөт. Бул Ромео менен Жульеттанын ортосунан жаралган ымыркайды Дуань бейтааныш адамга сатып жиберген. Натыйжада, үч жылга түрмөгө кесилип отурат. Ымыркайдын энеси кичүү иниси менен майып ата-энесин карагандыгына байланыштуу шарттуу түрдө 2,5 жылга кесилди. Айта кетсек, төрөлгөнүнө 18 күн болгон кызды Дуань 23 000 миң юанга саткан. Ал акчаны iPhone менен мотоцикл алууга жумшамак болгон. Мындай окуялардан бизди акылы жок ойрондор да четте эмес.