Домой Саясат Аманулло ИМИНОВ, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты: “Өзбек улуту тизелеген жок, Кыргызстанда эркин...

Аманулло ИМИНОВ, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты: “Өзбек улуту тизелеген жок, Кыргызстанда эркин жашап жатат, Бабановдун сөзү бүтүндөй элди иренжитти”

104

21752269_1387129861405947_6016163601737424592_n

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өзбек тектүү шайлоочуларга чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн артык, баарыңар чогулгула, бир өзбекти милиция кармаса мен жооп берем, аны иштен алам” деп ачык эле чагымчыл маанайда сүйлѳптүр. Бул кайрылууну сиздер кандай баалап жатасыздар?

—          Кыргызстандагы бардык улуттарга тынчтык керек. Бабанов айткандай өзбек улуту тизелеп калган жок. Баарыбыз тең укукта жашап жатабыз. Учурда көпчүлүк эл мындай сөзгө нааразы болуп жатат. Шайлоо жакындаган сайын жеңилерин сезип өзбектердин добушун алуу үчүн мындай чагымчылдыкка барганы туура эмес online pharmacies cialis daily use.

—          Өзбек туугандарга Бабановдун ушул сөзү жагып жатабы?

—          Бул тынчтыкты каалаган элге эч качан жакпайт. 2010-жылдагы окуянын жарасы эми айыгып, эки элдин ортосунда ынтымак, ырашкерлик бекемделип жатканда Бабановдун бул аракети ага чоң сокку болду. Элди иренжитти.